БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Омбудсмен Бактыбек Аманбаев зордук-зомбулукка кабылган эки кыздын тагдыры боюнча жагдайды өз көзөмөлүнө алды. Бул туурасында институттун маалымат кызматы билдирет.
Энеси менен жашаган эркектин сексуалдык зомбулугуна кабылган кичинекей эки кыздын окуясы коомчулукта көп талкууну жаратты.
"Бул боюнча укук коргоо органдары кылмыш иши козгоодон баш тартып, жабырлангандарды коргоодон жана иш толук иликтенип чыкмайын шектүү адамды кармоо аракеттин көрбөй жатышы өзгөчө тынчсыздандырат", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Бул боюнча Аманбаев энени жана кичинекей эки кызды коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө тапшырма берип, ишти өзүнүн көзөмөлүнө алды.