00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын белгилүү инсандары: энеден ыйык адам жок

Жазылуу
Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Энелер күнүндө Кыргызстандын белгилүү адамдары өз апалары жөнүндө Sputnik сайтынын кабарчысы менен пикир алмашты.

КРдин эл артисти Геннадий Базаров энеден ыйык адам жок экендигин баса белгиледи.

"Мен көп балалуу үй-бүлөдөнмүн – биз он бир туугнабыз. Энем токтоо адам эле, эч качан бизге катуу айткан эмес. Анын жаркын элеси менин ошол кездеги балалык сезимимде калды. Энем, тилекке каршы, эрте кетти", — дейт кинорежиссер.

КРдин эл артисти Саламат Садыкова өз апасы сөзгө чебер жана сулуу адам болгонун айтат.

"Апам чачы узун, келбети келишкен адам болчу. Сайма менен кооздолгон чепкендерди өзү тигип алар эле. Ар бир кебинде кайсы бир макал-лакапты келтирип сүйлөчү. Анын баары менин эсимде. Өмүр бою талыкпай эмгектенип, бизди да ошого үйрөттү. Мен тогуз жашка чыкканда көзү өтүп кетти, бирок анын жаркын элесин эч унутпайм", — дейт Садыкова.

Кинорежиссер, "Айтыш фильм" киностудиясынын директору Садык Шер-Нияз эненин ролуна баа бериш өтө кыйын, себеби ал жашодогу эң башкы адам экенин баса белгиледи. Кинорежиссер өз энесинин аты Арна жана ал сегиз баланы чоңойтуп эрезеге жеткирген карапайым аял экенин айтты.

"Эненин сүйүүсү — үй-бүлөнү коргоп турчу сезим. Менимче, мамлекетти башкарууда да энелик сүйүү менен камкордуктан үлгү алыш керек", — дейт режиссер.

Жаш эстрада аткаруучусу Аяна Касымова апасы ал үчүн биринчи кезекте эң жакын дос экенин белгиледи.

"Ал абдан жакшы кеңешчи, камкор, шайыр жана баарын түшүнөт. Эң башкысы, ал менин жеке стилистим", — деди ал.

Атамбаев: ушул күнү ар кимибиз өз энелерибизди эстейли
Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланан. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Энелер күнүн майрамдоонун башатын, кыязы, байыркы Грециянын жашоочулары Зевс кудайынын энеси Реяга арнаган жаз майрамынан издесе болот. 1600-жылдан тартып Англияда Энелик жекшембини майрамдоо салты пайда болгон. Эл аралык энелер күнүн Анна Жервис демилгелеп чыккан. Ал 1907-жылы дүйнөдөн эрте кайткан өз энесин эскерүү катары энелердин урматына майрам өткөрүүнү сунуштаган. 1910-жылы Виржиния штаты биринчи болуп Энелер күнүн расмий майрам катары тааныган. Ал эми 1912-жылы Энелер күнүнүн Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул майрам түрдүү күндөрү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0