БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Шаршемби күнү кечки саат алтылар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунда "Фольксваген Венто" менен "Ауди-100" үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагашып, 3 киши каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгондорду автоунаадан чыгарып, Кемин райондук өлүкканага жана жабыркаган 8 адамды "Тез жардам" кызматкерлери райондук ооруканага жеткиришкен.
"Ауди-100" автоунаасында сегиз киши бара жаткан. Жол кырсыгынан анын ичиндеги 28 жашар айдоочу, 2 жашар кыз окуя болгон жерден, ал эми 55 жаштагы аял ооруканада каза болгон. "Аудинин" ичиндеги беш жаран түрдүү деңгээлдеги жаракаттар менен райондук ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле "Фольксваген-Венто" автоунаасынын ичиндеги үч жаран да жаракат алып, ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген.