БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Эгер жолдогу аң-чөнөктөр сапаттуу оңдолбосо, башыңар менен жооп бересиңер деп Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов мэриянын ачык жыйынында билдирди.
"Силер бул иштерге канааттанасыңарбы? Же сөзсүз эле менбарышым керекпи? Өзүңөр барып текшергиле", — деп шаар башчысы Коммуналдык кызмат башкармалыгынын жетекчиси Канчоро Ажикбаевге кайрылды.
Кулматов ошондой эле, шаар көчөлөрүнүн аң-чөнөктөрү сапаттуу оңдолушу керектигин айтып, ар бир жетекчи башы менен жооп бере турганын баса белгиледи.