БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө чектөө киргизиле турганын шаардык жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымат катчы Атыр Бекмурзаеванын айтымында, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүү үчүн борбор калаадагы бир катар жолдорго маал-маалы менен чектөө киргизилет.
"4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында, эски аянтта жана "Жеңиш" аянтындагы жол кыймылы жабылат", — дейт ал.
Жеңиш майрамын белгилөөгө карата жабыла турчу көчөлөрдүн схемасы
Жеңиш майрамын белгилөөгө карата жабыла турчу көчөлөрдүн схемасы