БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүн парламент премьр-министрдин талапкерлигин карай тургандыгын Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков пленардык жыйында айтты.
"Бүгүн түштөн кийин өкмөттүн маселесин карайбыз. Күн тартибине кирген кээ бир маселелер каралбай калышы мүмкүн", — деди спикер.
Буга чейин Феликс Кулов Sputnik сайтына Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Темир Сариевдин талапкерлигин премьер-министрликке сунуштаганын билдирди.