Европалыктар кызыл армиянын фашизмдин үстүнөн болгон жеңиштеги ролу туурасында билбейт

© Sputnik / Олег Кнорринг / Медиабанкка өтүүАскерлер. Архив
Аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Улуу Британияда, Францияда жана Германияда жүргүзүлгөн. Ага 3000 адам катышып, ар бир өлкөдөн ар кыл улуттагы, жыныстагы жана курактагы 1000ден жашоочу тартылган.

БИШКЕК, 28-апр.— Sputnik. ICM Research компаниясы тарабынан "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында сурамжыланган француз менен немис респонденттер, Европаны фашизмден куткаргандар америкалык жоокерлер деп билишээрин айтышкан.

Аталган өлкөлөрдүн 61 пайызы жана 52 пайызы — континентти куткаруудагы маанилүү ролду америкалык армия ойногон деп билишет экен. Ал эми улуу британиялыктардын 16 пайызы гана мындай пикирге кошулаарын айтышкан. Аталган өлкөнүн 46 пайызы согушта негизги күч Улуу Британия аскерлеринде болгон деп билишет. Жалпылап ала келгенде, АКШ армиясынын эмгеги күч деген пикирди Францияда, Германияда жана Улуу Британияда сурамжылангандардын 43 пайызы билдирген.

Россия сегодня ЭМА. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш майрамына карата "Россия cегодня" жаңы мультимедиалык долбоорду чыгарды
Суралгандардын 13 пайызы гана сунушталган беш жооптун ичинен Улуу Ата мекендик экинчи согушта Европаны бошотууда негизги ролду Советтик Армия ойногон деген вариантын тандаган (жооптор – Британия, СССР, АКШ, башка вариант же "билбейм" деп сунушталган). Ал эми Германиянын жашоочулары башка өлкөлөрдүн жарандарынан айырмаланып, 17 пайызды түзгөн. Баарынан аз Францияда — 8 пайыз болсо, британиялыктарда 13 пайызды көрсөткөн.

Сурамжылоо жасалган өлкөдөгүлөрдүн 19дан 24 пайызына чейинки жашоочулары Улуу Ата мекендик экинчи согушта Европаны бошотууда негизги ролду ким ойногондугун айта алышкан эмес. Алардын 2-3 пайызы гана башка бир куралдуу күчтөр дешкен.

Сурамжылоо ICM Research компаниясы тарабынан 2015-жылдын 20-мартынан 9-апрелине чейин Улуу Британияда, Францияда, Германияда жүргүзүлгөн. Ага 3000 адам катышып, ар бир өлкөдөн ар кыл улуттагы, жыныстагы жана курактагы 1000ден жашоочу тартылган. 

Ар кыл маалыматтарга караганда, Кызыл Армия азыркы европалык мамлекеттердин аймагынын 50 пайыздан ашыгын бошоткон, буга Россиянын европалык бөлүгү кирген эмес жана союздаштарына караганда аталган армия бул аймактарда көп жоокерлеринен айрылган. Кызыл Армиянын жоокерлери жалпсынынан учурдагы Европанын 16 мамлекеттерин жана 120 миллион адамды фашизмден бошоткон. Ал эми дагы алты өлкөнү Кызыл Армия союздаштары менен биргелешип азат кылган.

"Sputnik. Пикирлер" долбоору тууралуу маалымдама

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылдын июлунда башталып, ага Британиянын белгилүү ICM Reseacrh изилдөө компаниясы өнөктөш болгон. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында эң көйгөйлүү социалдык жана саясий маселелер боюнча Европа өлкөлөрүндө жана АКШда коомдук пикирге карата үзгүлтүксүз сурамжылоолор жүрүп турат.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана сан ариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0