Нарын, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөт

Жазылуу
Үшүк жемиш бактарынын мөмөлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунучтуу.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Нарын, Ысык-Көл облустарында 28-29-апрель күндөрү түнкүсүн абанын температурасы —2 градуска чейин төмөндөй турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорда сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле, нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137- жана 198-265-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Андыктан, адам өлүмүнө жол бербөө үчүн автоунаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралыкка чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0