БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Министрдин орун басары Алмаз Бакетаев каржы министринин милдетин убактылуу аткара турганын өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
13-апрелде Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованын өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча жазган арызын канааттандырган.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев тийиштүү жарлыкка кол койду. Бакетаев жаңы министр дайындалганга чейин каржы министринин милдетин аткарат.