00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мектеп окуучусу Адина Канатбекова Улуу Жеңиш ага да өмүр тартуулагандыгы үчүн таазим кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековВетераны Великой Отечественной войны.
Ветераны Великой Отечественной войны. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда мектеп окуучулары Жеңиштин 70 жылдыгын утурлай, согуштун жана ооруктун катышуучуларын сый-урмат көрсөтүп жатышат. Мындай иш-чара Бишкектеги мектептердин биринде да өттү.

БИШКЕК, 21-апр — Sputnik. Борбор калаадагы №2-орто мектепте Улуу Жеңишти утурлай, окуучулар согуштун жана тылдын ардагерлерин куттуктап майрамдык концерт коюшту. 11-класстын окуучусу Адина Канатбекова Жеңиш ал үчүн өтө маанилүү экендигин Sputnik маалымат сайтына айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар тартуулаган номерлер
1/3
Окуучулар тартуулаган номерлер
© Sputnik / Табылды КадырбековАрдагерлерге гүл тапшырышты
Ардагерлерге гүл тапшырышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ардагерлерге гүл тапшырышты
© Sputnik / Табылды КадырбековМектептин Улуу Ата Мекендик согушка арналган музейинде
3/3
Мектептин Улуу Ата Мекендик согушка арналган музейинде
1/3
Окуучулар тартуулаган номерлер
2/3
Ардагерлерге гүл тапшырышты
3/3
Мектептин Улуу Ата Мекендик согушка арналган музейинде

Салтанатка чакырылган жыйырмага жакын эмгек ардагерлерине окуучулар мектептин музейиндеги жаңы экспонаттарды көрсөтүп, өздөрүнүн күчү менен даярдалган концертин тартуулашты. 

"Бардык иш-чаралар 1-11-класстын окуучулары тарабынан даярдалды. Жеңишке арналган рефераттардын, көркөм окуулардын конкурсу өткөрүлүп, эң мыкты деп табылган эмгектерди мектептин мындан он жыл мурда  Улуу Ата мекендик согушка арналып түзүлгөн музейине койдук", — деди мектептин директору Чынара Маразыкова.

Аталган мектептин бүтүрүүчүсү да кезегинде согушка аттанып, от майданында курман болуптур. Учурда ал тууралуу маалыматтарды топтоо жана издөө иштери жүрүп жатканын мектептин өкүлү айтып берди.

"Биздин мектептин партасынан Кравченко Ольга 1941-жылы согушка кеткен экен. Биз ал тууралуу архивге сурамжылоо жибергенбиз. Чехословакияга жакын жерден курман болуптур. Биз анын кайсы жерлерде согушканын, кантип курман болгондугун жана башка маалыматтарды топтоо үчүн Ардагерлер кеңеши менен бирдикте издөө салып, азыр иштер жүрүп жатат", — деп айтып берди мектептин окуу тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Татьяна Куля. 

Ал эми 11-класстын окуучусу Адина Канатбекова согуш темасындагы рефератын Сталинграддагы, Курсктагы, Днепрдеги салгылаштар туурасында жазганын айтты. 

"Бул үч салгылаш согуштун жүрүшүндө  чечүүчү салгылаштардан болгон. Анда советтик жоокерлердин каармандыгы  аркасында аскер күчтөрү алдыга жылып, жеңишке жеткенге мүмкүн болгон", — деп айтып берди Адина Канатбекова.

Адина Жеңиш туурасында биз менен ой бөлүшүп жатып, анын азыркы жашоосунда ардагерлердин, тылдын катышуучуларынын зор салымын белгиледи. 

"Кыргызстандан 380 миңден ашык адам чакырылса, анын ичинен 1395 аялдар болгон. Биз ушул адамдардын эмгегинен, каармандыгынан улам азыркы турмушта жашап жатабыз. Жеңиш мен үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби менин таятам согуштан аман-эсен кайтып келбегенде, менин апам, анан мен бул дүйнөгө жаралмак эмеспиз", — дейт Адина Канатбекова.

Кыргызстандын бардык аймактарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын утурлай ардагерлерге сый-урмат көрсөткөн ар кыл иш-чаралар өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0