БИШКЕК, 21-апр — Sputnik. Россиянын импорттун ордун толтуруу саясаты Батыштын тынчын алууда. Себеби анын аркасында АКШ менен ЕБ киргизген санкциялар Россияга алар күткөндөй зыян келтирбей жатат. Буга Америка менен Батыш нааразы деп билдирет РИА Новости, саясат таануучу Григорий Трофимчуктун пикирине таянуу менен.
АКШ менен Европа биримдигин Россия жүргүзүп жаткан импорттун ордун толтуруу саясаты тынчсыздантат. Ушундай билдирүүнү алар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Инвестициялык чаралардын соода аспекттери боюнча комитеттин (TRIMS WTO) отурумунда жасашты. АКШ менен ЕБнын пикиринде, бул Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун принциптерине коркунуч келтирип, чет элдик өндүрүүчүлөрдүн кирешесин төмөндөтөт.
"АКШ менен Европа биримдиги, кыязы, Россиянын импортту алмаштыруу жөнүндө айткандары – жөн эле убактылуу ураан деп ойлошсо керек. Бирок Москва бул жагынан артка кетмек түгүл, тескеричинче, импорттун ордун ээлей турган товарлардын тизмесин кеңейтип жатат. Биринчи кезекте бул медициналык жабдуулар, айыл чарба жабдуулары, унаа жана программалык камсыздандыруу. Бул аталган тизмеге башынан эле киргизлен азык-түлүк товарларына кошумча", – деди Sputnik радиосунан "Евразия идеяларынын устаканасы" фондунун эксперттик кеңешинин төрагасы Григорий Трофимчук.
Анын пикири боюнча, Батыштын тынчын алып жаткан башкы нерсе – Россия батыш программалык камсыздандыруу боюнча өндүрүмдөрдү пайдалануудан толук баш тартышы ыктымал.
"Эгер жабдуулар менен унаа жагынан киршенин төмөндөшү гана Батыштын тынчын алса (бул Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында да), Россиянын программалык өндүрүмдөн баш тартышы Батыштын көзөмөлүнөн анык толук чыгып кетүү дегенди билдирет", – деп эсептейт саясат таануучу.