Аттокуров: Кумтөр маселесинде премьер чет элдиктер арасында өз жактоочуларын издөөдө

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев КРдин кызыктчылыгын коргой турган, бирок республиканын жараны болуп эсептелбеген чоң тажрыйбага ээ таламдаштарды тапкысы келип жатат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине чет элдик жарандарды киргизүү демилгесин Кыргызстандын мамлекеттик башкарууну жаңылаштыруу боюнча кеңешчиси Азамат Аттокуров толук колдойт.

Мурдараак укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине Оторбаев өлкөнүн мурдагы президентинин уулу Максим Бакиев тараптагы чет элдик жарадандарды киргизүүгө шашып жатат деп жалпыга маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасаган эле.

Sputnik кабарчысына берген маегинде Аттокуров аталган маселе боюнча Үмөталиева эч бир "авторитет эмес" деди.

Анын айтымында, Кыргызстан мажоритардык акционер болгондуктан, 11 адамдын үчү гана биз тараптан болот деген чектөө бар. 

"Ошондуктан Оторбаев КРдин кызыктчылыгын коргой турган, бирок республиканын жараны болуп эсептелбеген чоң тажрыйбага ээ таламдаштарды тапкысы келип жатат", — дейт эксперт.

Centerra Gold Inc. компаниясынын башкармалыгы стратегиялык жана операциялык башкаруу милдеттеринин баарын толук өз колуна алган, ошондуктан башкаруу процессинде Кыргызстандын катышуусу чектелип турат деген пикирин айтты ал.

Аттокуровдун маалыматына ылайык, Оторбаев директорлор кеңеши менеджментке "баш ийбестен", анык стартегиялык башкаруу органы болгудай кылып абалды өзгөрткүсү келип жатат.

Мурдараак парламенттин отурумунда Оторбаев "Кумтөр" кен жайын иштетүүнүн жаңы планын эске алганда Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. биргелешкен ишкана түзүшү өлкө үчүн пайдасыз деп билдирген. Премьер КР үчүн Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешин жана башкармалыгын алмаштыруу пайдалуу болот деген оюн айткан. 

Кумтөр алтындын кору боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген кен жайы болуп эсептелет. Аны Канаданын "Камеко" компаниясы 1994-жылы иштете баштаган. Алгач долбоордо кирешенин 70 пайызы Кыргызстанга жана 30 пайзы "Камеко" жетекчилигине тиет деп болжолгон. Макулдашуулар ратификацияланган соң 2003-жылы "Камеко" Centerra Gold Inc. болуп кайра түзүлүп, ал республиканын чегинен сырткары бир нече кен жайын иштете тургандыгын жарыялаган. Ошентип, компаниянын масштабы өсүп, ага жараша КРдин долбоордогу акциялары 70тен 33 пайызга түшүп кеткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр маселеси менен алектенген Кубанычбек Исабеков Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөн башка бардык иштептип жаткан кен жайлары жалган экендигин мурдатан бир нече жолу билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0