Георгий тасмасынын түсүн алмаштыруу боюнча кыргызстандыктар бир пикирде эмес

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүГеоргий тасмасынын түсүн алмаштыруу боюнча кыргызстандыктар бир пикирде эмес
Георгий тасмасынын түсүн алмаштыруу боюнча кыргызстандыктар бир пикирде эмес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү Интернетте Георгий тасмасы быйыл Кыргызстандын желегине окшош кызыл-сары түстөгү тасмага өзгөртүлөрү жөнүндө маалымат пайда болуп, анда аталган демилге менен борбор шаардын муниципалитети чыкты деп айтылат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Георгий тасмасынын түсүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кыргызстандыктар бирдей кабыл алган жок.

Фабрикантов: Георгий тасмасынын жаңы түсү жөнүндө мэрия кеч айтты
Шейшемби күнү Интернетте Георгий тасмасы быйыл Кыргызстандын желегине окшош кызыл-сары түскө өзгөртүлөрү жөнүндө маалымат пайда болуп,анда аталган демилге менен борбор шаардын муниципалитети чыкты деп айтылат.

Согуш ардагеринин уулу, Ысык-Көлдөгү Корумду айылынын тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузуу үчүн өз уюн саткан Таалайбек Боромбаев Жеңиштин жаңы символун жаратуунун эмне зарылчылыгы бар экенин түшүнбөйт. 

"Мен буга каршымын. Жеңиш символу өзгөрүүсүз калышы керек. Георгий тасмасы Георгий лентасы бойдон калганы туура", — дейт Боромбаев.

Өлкөнүн башка бурчунда жашаган, өз айылында Улуу согуштун катышуучуларныа арналган эстеликти куруп бүтүү үчүн насыя алган жалал-абаддык Рашит Гизатулин Жеңиштин башкы түсүнүн алмашуусуна каршы эмес. Анын пикиринде түс эмес, тасмага карата сый-урматтын болушу маанилүү.

"Георгий тасмасы деген Өзбекстандабы, Тажикстандабы же Америкадабы, баары бир Георгий тасмасы. Кайда болбосун, ал совет элинин фашимди жеңишинин символу болуп кала берет", — дейт Гизатулин.

Кыргызстанда Георгий тасмасын таратуу акциясына жыл сайын катышуучу "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду быйыл бул аракеттен, кыязы, баш тартат.

Бирикменин жетекчси Владимир Лю "бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин чечимин күтө тургандыктарын" айтты.

"Биз аларга (КРдин бийлигине — ред.) каяшалык кылгыбыз келбейт, анткени биздин фонд жергиликтүү уюм эмес", — деп баса белгиледи Лю.

Тасманын түсүн өзгөртүүгө кескин каршылыгын саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди. Ал Жеңиш символун башка түскө алмаштырууну батыш саясатчылары активдүү жүргүзүп жаткан "Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын кайра жазуу" менен байланыштырат.

Георгий тасмасынны түсүн алмаштырууну колдоп жаткан кыргызстандык саясатчыларды Шестаков популисттер деп атады.

"Алардын жасалгандарын жөн гана популизм деп мүнөздөөгө болот. Менин көз карашымда, гитлердик Германияны элдин биримдиги аркасында гана жеңгенибизди эске алып, бийлик өкүлдөрү элдин башын бириктириши керек", — дейт саясатчы.

Мурдараак кабарлангандай, Георгий тасмаларын Кыргызстанда эң көп таратуучу "Народный" соода маркасы "бийликтин оюн колдоого даяр" экендигин кабарлаган. Бирок компаниянын маркетингдик бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Фабрикантов кабар кеч берилгендигине нааразылыгын билдирди, себеби "Народный" Россиядан 30 миң Георгий тасмасын сатып алган болчу. 

Кыргызстандын Башкы штабында Жеңиштин жаңы символунун сүрөттөмөсү келгендигин ырасташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0