БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин анын ден соолугу жөнүндө имиш кептерге комментарий берип, "сөз ээрчибесе, жашоо кызыксыз" деп жооп бергенин РИА Новости маалымдады.
Буга чейин бир катар чет элдик ЖМКлар Путин ооруп жатканын, андыктан Казакстан жана Белоруссиянын президенттери менен болгон жолугушуусун кийинкиге жылдырарын жазып чыккан. Анан калса, Путин бир канча күн эл алдына чыкпай калган эле.
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путинди ооруп жатат деген маалыматты четке кагып, Блумберг агенттигине президент куландан соо экенин билдирген.