00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КРде айдоочуларды тесттен өткөрүүнүн жаңы системасы киргизилет

Жазылуу
Автоматташтырылган маалымат системасы айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алууда экзамендерди кабыл алууну жана тапшырууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Ал өткөрүлүп жаткан сынактардын же тесттердин сапатын кокустан тандалып алынган суроолордун жардамы менен жакшыртууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 8-мар — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн айдоочуларды тесттен өткөрүүнүн "Айдоочулар курамын тесттен өткөрүү" деп аталган жаңы системасын киргизүүдө деп билдиришти ведомстводон.

Автоматташтырылган маалымат системасы айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алууда экзамендерди кабыл алууну жана тапшырууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 

"Мындай чара өткөрүлүп жаткан сынактардын же тесттердин сапатын кокустан тандалып алынган суроолордун жардамы менен жакшыртууга мүмкүндүк берет. Андан тышкары, система айдоочунун күбөлүгүн берүүдөгү коррупцияны жоюуга мүмкүндүк берип, экзамен алуучуну билетти тандап берүү мүмкүндүгүнөн ажыратат", — деп белгилешти МККдан.

Экзамен тапшырууда сынактан өтүүчүгө бирдиктүү уникалдуу электрондук ачкыч ыйгарылып, ал 30 жыл сакталышы керек болот. Бул сынактын натыйжалары менен макул болбосо, анын үстүнөн арыз берип сынактан кайра өтүүгө мүмкүндүк берет.

Системада автомектептердин сөзсүз катоого турушу каралган. Окутулуучу топту түзүүдө автомектептер айдоочунун күбөлүгүн алууга талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн форманы онлайн тартибинде толтуруулары керек болот. Аталган тизме системанын маалымат топтомунда автоматтык түрдө сакталат жана өзгөртүлбөйт.

"Тесттен өткөрүү программасы бардык автомектептерде акысыз орнотулат. Бул окуп жаткандар айдоочулук күбөлүк алууга тесттен өтүү үчүн даярданга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жасалмакчы", — деп түшүндүрөт Мамлекеттик каттоо кызматы.

Аталган процедура айдоочунун күбөлүгүн биринчи жолу алууда анын тез арада жана көмүскө даярдалышын жоёт.

"Айдоочулар курамын тесттен өткөрүү" АМСте бардык автомектептер жана айдоочулар курамы жөнүндө маалымат камтылган.

МКК бул система унааны айдоону үйрөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берип, автосүйүүчүлөрдүн билимин жогорулатып жана жаңы айдоочуларды тесттен өткөрүү процессин жакшыртуу менен жол кыймылынын коопсуздугуна оң таасир бере тургандыгын баса белгилейт.

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алууга интернет аркылуу экзамен тапшырууну да сунуштайт. Дареги: http://demoprava.srs.kg/. Бардыгы үчүн кирүү ачкычы — 1. grs.gov.kg расмий сайтында айдоочулар үчүн сынактардын суроолорун талкууга катышса болот.

ИИМдин жол-күзөт кызматында МККнын демилгесин колдошту. ЖККнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов Sputnik кабарчысына билдиргендей, автомектептердин курсанттарынын билим деңгээли көтөрүлүп, жең учунан айдоочулук күбөлүк берүүлөр олуттуу кыскарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0