БИШКЕК, 4-мар — Sputnik. Февралдын акырында Жылдыз Мамбеталиева Кыргызстандын акыйкат министри болуп дайындалды. Ведомствонун иши менен ал жакындан тааныш, себеби бир нече жыл министрдин орун басарлык кызматын аткарып келген. Жаңы иштеги ал артыкчылык орунга койгон маселелер тууралуу Sputnik менен болгон маегинен окуңуз.
— Жылдыз Жээнбаевна, ишиңизде эң жогорку мааниге ээ маселелер тууралуу айтып берсеңиз. Министрликтин жумушунда биринчи орунда тургандар кайсылар?
— Мен алты жыл министрдин орун басары болуп эмгектендим, жана биздин иште артыкчылык орунга ээ милдеттер мурда деле богон. Биз аларды күчтөндүрөбүз. Өткөн жылдан бери өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн алдына өз иш-аракеттерин пландоо милдети коюлган. Башкача айтканда, мамлекеттик ведомстволордун жетекчилеринин 2014-2015-жылдарга карата пландары, иш-аракеттери жана милдеттемелери иштин натыйжасы болду.
Чынында министрликтин биринчи орундагы иштери өкмөттүн алдында утрган миледттерден ажырагыс болуп эсептелет. Өкмөттүн түзүмүнөн алып салууга болбой турган ведомстволор бар жана алардын милдеттери ачык-айкын. Булардын катарына Каржы министрлиги, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Адилет министрлиги кирет. Аталган ведомстволордун ар биринин конкреттүү иш багыты тарыхый жактан калыптанган. Бизде мындай багыт болуп мамлекетте бирдиктүү укук саясаты эсептелет. Парламент биздин алдыбызга коюучу тапшырма-милдеттер мыйзам долбоорлук иш-аракеттерге, мыйзамдарды инвентаризациялоого, алардын Конституцияга ылайык келишине ж.б. байланышкан. Дал ушул багытта биз иш алып барабыз.
Ал эми бүгүнкү күндө бул жагынан артыкчылык мааниге диалог жүргүзүү аянтчасын түзүү ээ. Биз депутаттар, өкмөт жана эл демилгелөөчү бардык мыйзам долбоорлорун талкуулоого боло турган дискуссиялык аянтча болсо дейбиз. Аянтчанын максаты болуп мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу, мамлекеттик органдар болобу, же калк менен ишкерлер болобу, кызыккан тараптар үчүн коомдук угууларды өткөрүү эсептелет. Айрым топтордун кызыкчылыгына тиешелүү мыйзам долбоорлору бар, жана биздин кааларыбыз аларга мындай документтерди кайсы бир бирдиктүү форматта талкууга мүмкүнчүлүк берүү.
— Сиздердин жамаатыңыздар жаш. Мунун ишке кандай таасири бар? Сиздердин ведомство парламент менен өкмөт үчүн кадрларды даярдоочу катары белгилүү. Өз командаңыздын кесипкөйлүк мүмкүнчүлүктөрүн кандай баалайсыз жана укук мектебин өркүндөтүү үчүн кандай кадамдарды жасамакчысыз?
— Ооба,чынында эле биздин жамааат жаштардан турат. Бул бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман. Кантсе да бир адисти тарбиялап, окутууга жарым жылдан бир жылга чейин убакыт кетет Эң келечектүү жана жөндөмдүүлөрү башка ведомстволорго же жеке түзүмдөргө кетип жатканда, абдан өкүнөбүз. Ошол эле учурда бул кимдир бирөө үчүн андан ары өсүү дегенди билдирет, кимдир бирөө көбүрөөк акча иштеп тапканга мүмкүнчүлүк алат, жана биз аларды даярдоочу болгонубузга кубанычтабыз.
Кадрлар кетип гана эмес, кандайдыр бир өсүп-өрчүү баскычынан өткөндөн кийин кайра кайтып жаткандыгын да эстен чыгарбоо керек. Алар кийин жетекчи катары келишет. Мисалы, бизден парламентке адис болуп кетип, кайра башкармалыктын жетекчиси болуп келгендер бар. Азыр статс-катчынын милдетин аткаруучу да өз убагында бизге сынак аркылуу келип иштеген. Андан соң аппаратка башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп кетип, кийин бизге кайтып келди. Дегинкиси ушундай жакшы кыймыл бар.
— Бүгүнкү күндө биздин ченем-укуктук акттар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мыйзам негиздерине канчалык деңгээлде төп келиштирилген? Республиканын бул уюмга кириши үчүн дагы эмнелерди аткаруу зарыл?
— Өлкөнүн ЕАЭБге кошулушу үчүн Жол картасын ишке ашыруу максатында өткөн жылдын декабрь айында өкмөттүн буйругу менен тийиштүү иш-чаралар планы бекитилген. Ал планда башка иштер менен катар биздин мамлекеттин ченем-укуктук акттарын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мыйзам негиздерине төп келиши жагынан талдоо каралган. Бул ишти аткарууга компетенттүү мамлекеттик органдардын баары катышууда. Аталган планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат Экономика министрилиги тарабынан топтолуп, анын негизинде министрлер кабинетинин аппаратына билдирүү жасалат.
Белгилей кете турган нерсе, Экономика министрлиги өзүнүн иш милдеттерине байланыштуу ЕАЭБге кирүү маселелери боюнча жооптуу орган болуп эсептелет. Өз кезегинде Адилет министрлиги аталган процесске өз ыйгарымдарынын алкагында ар тараптуу көмөк көрсөтүүдө. Алсак, иштелип чыгып жаткан ченем-укук акттарынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүп, зарылчылыгына жараша аларды иштеп чыгууга катышып жатабыз.
— Мыйзам түзүү процесстерине депутаттардын мыйзамдар боюнча күтүүсүз демилгелери кандай таасир кылууда? Мисалы, Конституциялык палата кийинчерээк алып салган ЖМКга карата жалган жалаа жөнүндө мыйзам. Бул мисал долбоор мыйзамдарын милдеттүү түрдө экспертизалоо жагынан Адилет министрлигинин мүмкүнчүлүгү начар дегенди билдирбейби?
— Мен андай дей албайм. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу демилгеси министрлер кабинетине гана тиешелүү эмес. Өкмөт демилгелеген мыйзам долбоорлору биздин министрликтин милдеттүү экспертизасынан жана бир катар башка экспертизанын түрлөрүнөн өтөт. Негизинен ведомство берген бардык бүтүмдөр эске алынат.
Бирок бизде демилге укугуна ээ башка субъекттер бар, мисалы, депутаттар. Алардын демилдгелери Адилет министрлигинде сөзсүз укуктук экспертизадан өткөрүлбөйт. Аны экспертизадан өткөрүп, биз өз сын ойлорубуз менен сунуштарыбызды билдирген күндө да, алар документти демилгелегендер үчүн аткарууга милдеттүү болбойт.
Мисалы, гейлерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү жакында эле ызы-чуу кылган мыйзам. Биз бул мыйзам айрым топтордун укуктарын бузуп, белгилүү бир кесепететрге алып келет деген бүтүм чыгарып бергенбиз. Бирок бизди угушкан жок. Демилгечилер биздин оюбузду билген менен, мыйзамдын кабыл алынышына бул эч тоскоол болгон жок, себеби ал парламенттин укугу, негизги иш милдети. Эгер көпчүлүк добуш менен мыйзам өтүп кетсе, биз эмне кыла алабыз?
Баса, январда адам укуктары боюнча Кыргызстан төрт жылдык жалпы отчёт берип, буга байланыштуу биз БУУнун алдында отчёт берүүгө бардык. Дал ошол мыйзам долбоорлорун талкуулар КРде адам укуктарын корголушу боюнча берилген баага терс таасриин тийгизди. Биздин делегациянын курамында эл депутаттары Наталья Никитенко менен Эристина Кочкарова да бар болчу. Алар жагдайды түшүндүрүп беришти. Мыйзамдын кабыл алынышын же алынбасын парламент чечет, бул депутаттын укугу деп чечмелешти алар. Бирок чынында БУУда бул демилгени түшүнүшкөн жок. Биз ЖКнын мызам кабыл алуу укугун тартып ала албайбыз. Ошондуктан кандай гана мыйзам кабыл алынбасын, биз аны аткарышыбыз керек.
— ЖМКга байанышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү ким демилгелеген? Алардын максаты эмнеде эле жана долбоор эмне үчүн кайра кайтарылган?
— Бул мыйзам долбоору министрлик тарабынан маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан болчу. План өткөн жылдын жайында эле премьер-министр тарабынан бекитилип, Адилет министрлигине мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. Анда ЖМК жөнүндө мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу менен катар дагы бир нече максаттар коюлган эле. Ачыгын айтканда, документ өзү эски жана кайра карап чыгуу зарылчылыгы эбак эле пайда болгон. Бирок маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өзгөртүүлөр конкреттүү жерлерге киргизилмек.
Биз аны коомдук талкууга алып чыкканыбызда, сын пикирлер абдан көп болду. Ошондо биз мыйзам долбоорунун айрым жерлери өтө чийки экендигин сезип, дагы жакшылап иштеп чыгууга жибергенбиз. Мында биз Адилет министрлиги ар бир кагазы юридикалык жактан кынтыксыз болушу керек болгон орган экендигин эске алдык.
— Эми бул мыйзам долбоору коомдук талкууга кайра качан чыгарылат?
— Азыр айтуу кыйын. Талкуу учурунда айтылган бардык пикирлерди эске алып, баарын талдап чыгуу зарыл.
— Сиз өзүңүздүн биометриялык маалыматыңызды тапшырдыңызбы? Алар кылмыштуу максатта колдонулат деп коркпойсузбу?
— Мен биометриялык маалыматтарымды иш-чара башталганда эле — сентябрда же октябрда тапшыргам. Мени тынчсыздандырган эч нерсе болгон жок. Эл арасында түшүндбөстүк болуп жатат окшойт. Бирок мыйзам деген мыйзам эмеспи, андан өйдө турган эч нерсе жок. Биз элди биометриялык маалымат тапшырууга мыйзам аркылуу милдеттендирген соң, ал аткарылышы керек.
— Сиздин ишеничиңиз эмнеге негизделет? Маалыматтар канчалык жакшы корголгонун билесизби?
— Мен өзүм бир нече жолу чет мамлекеттерге баргам. Германиянын жана Швейцариянын элчиликтеринде биздин мыйзамда талап кылынган ошол эле бармактардын изин, сүрөтүңдү тапшырып, колуңду коюп беришиң керек. Америкага кетип жатып, биометриялык маалыматтарын берүүдөн жарандар эмнегедир коркпойт. Ал эми бул мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, ак ниет шайлоолорду өткөрүү үчүн керек болгондо, эмнегедир күмөн саноолор пайда болду.
Биометриялык маалыматтарды тапшыруудан коркпош керек, баары алдыга жылып бара жатканда, бир жерде тура берген болбойт. Биометриялык паспорттор башка өлкөлөрдө киргизилген. Эгер биз да муну кылбасак, көчтүн артында калабыз. Өзбекстанга караганда биздин мамлекет демократиялуу болуп эсептелгени менен, биометрия маселеси боюнча эмнегедир биз кеч калдык. ӨзР муну эки жыл мурда эле киргизген. Бул маселеде биздин башка өлкөлөрдөн артта калышыбыз өкүндүрөт.
— Мүмкүн жарандарга маалымат берүү боюнча өкмөт тарабынан иш толук жүргүзүлбөй жаткандыр?
— Бул процесстин жүрүшүнө кызыкпаган кайсы бир топ курчутуп жаткан айрым тирешүүчүлүк бар деп ойлойм. Калкка болсо маалымат жетиштүү берилип жатат.
Бирок силер билгендей, маалымат толкуну жүрүп жатат. Бул бирөө бир нерсени айтарда бир үн чыгарганы эле жетиштүү – баары дароо добуш чыккан жакты карайт. Маалымат күрөшү жүрүп жатат десек болот. Дегинкиси Мамлекеттик каттоо кызматы кенен иш-чараларды жүргүзүүдө.