Канчадан?

Жазылуу
Sputnik жаңы рубрика ачты. Мындан ары биз эл күн сайын сатып алуучу азык-түлүктүн баасын жума сайын жарыялап турмакчыбыз.

Бул рубрикадан сиздер тамак-аштын бааларынын өзгөрүшүн инфографикадан көрө аласыздар. Ошондой эле, азык-түлүктүн кымбаттап, арзандашын да байкоого болот.

Бул жумада (5-февралдан 12-февралга чейин) биздин кабарчылар Бишкектин базарында, супермаркеттеринде жана Нарын шаарындагы азык-түлүктүн бааларын билишти. Кийинки жумада Ош шаарындагы баалар менен тааныштырабыз. 

Sputnik сайтынын кабарчылары күнүмдүк тамак жасоодо колдонулган азык-түлүктүн тизмесин аныктап, бааларын сураштырып, билишти.

Бишкек шаарында 1 кг. уйдун эти 380 сом болсо, Нарында 340 сом болуп, 40 сомго арзан. Борбор калаанын супермаркеттеринде ал 100 сомго кымбат турат. 

Койдун эти Бишкек шаарында арзан. Бул жакта 280 сом болсо, Нарында 330 сом турат. Супермаркеттерде 367 сом.

Тооктун буту борбор калаада 130 сом турса, Нарында 5-10 сомго кымбат. Ал эми супермаркеттерде 145 сомдон сатылууда.

Тооктун 10 даана жумурткасы Бишкектин базарларында 70 сом болсо, супермаркеттерде 76 сом. Ал эми Нарында 100 сом турат.

Биринчи сорттогу ун Бишкекте 40 сом, супермаркеттерде 46 сом. Ал эми Нарында ун 10 сомго кымбат.

"Элита" түрүндөгү күрүч Бишкектин базарларында, супермаркеттерде жана Нарын дээрлик бирдей баада сатылат.

Өсүмдүк майынын бир литрин Нарындан 85 сомго сатып алууга мүмкүн, шаардын базарларында 90 сом, супермаркеттерде 94 сом турат.

Бир литр сүттүн супермаркеттердеги эң кымбаты – 46 сом. Шаардын базарында ал 40 сом болсо, Нарында 35 сом.

Кумшекердин баасы 48 сомдон 50 сомго чейин сатылууда.

Көпчүлүк тамакка кошула турган картөшкөнүн 1 кг. Бишкекте 35 сом турат. Нарында аны 30 сомго сатып аласыз.

Пияздын баасы да Бишкек менен Нарында дээрлик бирдей.

Помидор эң кымбат Бишкектин супермаркеттеринде 157 сомдон сатылууда. Борбор калаанын базарларында 140 сомдон болсо, Нарында 150 сом турат.

Ал эми бадыраң 130 сомдон 150 сомго чейин сатылууда.

Палоого өзгөчө көрк жана даам берген сабиздин баасы Бишкектин жана Нарындын базарларынан 25 сомдон алууга болот. Ал эми ал супермаркетте 4 сомго кымбат.

Жаңылыктар түрмөгү
0