00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамлекеттик геология "Жерүй" кен жайын төрт жылдан кийин ишке киргизүү ниетинде

Жазылуу
Жерүй кен жайында алтын өндүрүүгө карата сынактын шарттарына ылайык, сатып алуучу алтынды ажыратып алуучу фабриканы долбоор ишке киргизилгенден кийин бир жылдан кечиктирбей кура башташы керек. Долбоордо белгиленген кубатуулукка төрт жылдан кеч эмес убакытта жетишүү талап кылынат.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Талас областындагы Жерүй алтын кен жайы жана андагы фабрика долбоордо белгиленген кубатуулукка иштей баштагандан кийин төрт жылдан кеч эмес мөөнөттө жетишүүсү керек деп билдирди Sputnik кабарчысына Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Уланбек Рыскулов.

Анын айтымында, кен жайын сатып алууга карата февраль айында өтүүчү сынактын шарты ушундай. Бирок өкмөт конкурсту өткөрүү мөөнөтүн азырынча так белгилей элек.

Рыскулов сынактын шартына ылайык алтын кен жайын 100 миллион долларга сатып алуучу бир жыл ичинде алтынды ажыратып алуу фабрикасынын долбоорун иштеп чыгып, ал макулдашылгандан кийин үч айдан кечиктирбей ишкананы курууга киришүүсү керек деп белгиледи.

Жерүй кен жайын сатып алууга коюлган дагы бир милдеттүү шарт болуп анын болочок ээси бардык сот чыгымдарын өзүнө ала тургандыгы эсептелет.

"Ал кен жайынын мурдагы ээлери менен, бенефициарлары же башка тараптар менен Жерүйгө же аны менен бир аттагы аянттарга ээлик укугуна байланышкан талаштар боюнча эл аралык жана жергиликтүү соттордо Кыргызстанды өз каражатынын эсебинен коргоого милдеттенет", — деди Рыскулов.

Мамлекетитк агенттиктин директорунун орун басары азыр бул кен жайына олутту инвесторлор кызыгып жаткандыгын кошумчалады.

"Биз жакшы шарттарды жана келечектүү кен жайын сунуштап жатабыз. Ошон үчүн алтын кенин өз алдынча иштетүүдө мурдатан тажрыйбага ээ компания муну колго алса дейбиз", — деп баса белгиледи Рыскулов.

Ал сынакты өткөрүүдөгү дагы бир шарт Талас областынын Бекмолдо айыл аймагынын тургундары тарабынан коюлганын белгиледи. Ага ылайык, кен жайын иштетүүчүлөр товардык-материалдык баалуулуктар менен азык-түлүктү аймактын өзүнөн сатып алып турушу керек болот.

"Андан сырткары, көпчүлүк иштерге жергиликтүү тургундар алынышы керек. Бул да кен жайын сатып алууга коюлган шарттардын бири", — деп түшүндүрдү Рыскулов.

Жерүй кен жайы Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турат. Алдын ала иликтенген алтын запасы 100 тоннаны түзөт. Бирок кийин кошумча чалгындоо иштерин дагы жүргүзүү каралган жана, мүмкүн, кендин көлөмү көтөрүлүшү ыктымал. Алтын кенин казуу ыкмасы аралаш — ачык жана жабык түрдө болот. Болгондо да 35тен 70 пайызга чейинки өндүрүү ачык жол менен жүргүзүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0