БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Индира Жолдубаеваны Башкы прокурорлукка дайындоого макулдук берүү маселесин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринде каралат. Депуттарга талапкер жөнүндө баяндаманы президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев жасайт.
Өткөн аптада Башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин "Республика" жана КСДП фракцияларында каралып, талапкерлигин жактырган.