БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. "Бүгүнкү күнү гепатиттин С түрү менен ооругандарды айыктыруу үчүн 90% кепилдик берген дарылар чыккандыктан, илдетти толугу менен дарылоого мүмкүндүк бар. Бирок бир курс (3 ай) үчүн 80 миң доллардан көп каражат керек. Анын баасынын жогору болушу, патент менен корголгонунда болуп жатат", — деп "Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев кереге кеңеште билдирди.
Ал Кыргызстандын "Патент жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш Жогорку Кеңеште 2-3 күндүн аралыгында биринчи окууда карала турганын белгиледи.
"Эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, өлкөгө Пакистандан, Индиядан арзан дарылар келип баштайт. Биз Дүйнөлүк соода уюмуна жана патентти алып бааны кармап отургандарга кылчактабай, зарыл болгон арзан дарыларды ала алабыз", — дейт ал.
Жусупова да гепатит вирусун жуктуруп алгандарды толук айыктыра турган дарылар бар экендигин, бирок анын баасы өтө кымбат болгондуктан бейтаптардын баары эле сатып ала албастыгын айтат. Бул оригиналдуу дарылардын 100%ы сырттан ташылып келгендиктен, алар патент менен корголгон. Анын баасынын жогору болушуна патент маселеси да таасир берип жатат.
"Дарылануу курсун Кыргызстандагы бир да бейтап көтөрө албайт, андыктан "Патент жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча аракеттер жасалууда. Интеллектуалдык менчикти коргоо 20 жылга каралган. Биз "Патент жөнүндөгү" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүдө интеллектуалдык менчиктин мөөнөтүн 5 жылга кыскартууну сурап жатабыз. Биз 5 жылды алып салгыла дегенибиз жок", — деди ал.
Эгер сунушталып жаткан өзгөртүү кабыл алынып калса, фармацевтикалык компаниялар кийин соттошобуз деп коркпой эле, Саламаттыкты сактоо министрлигинен аны колдонуу боюнча уруксат алып, ташып келе берет.
Адистердин айтымында, жыл сайын бул илдеттер менен ооругандардын саны өсүп жатат. Учурда бул дартка каршы дарылар эл аралык донорлордун жардамы менен алынып келинет. Бул оорулар үчүн дарыларды 2-3 жылдан кийин мамлекет өз каражатына сатып алышы керек. Учурда ВИЧ жана кургак учукка каршы дарылардын 75% оригиналдуу патенттелген дарылар. Алардын кээ бири биздин мамлекетте катталган эмес. Бейтаптар дарылануу үчүн колдонуп жаткан дарыларын алууну токтотпош керек. Эксперттер эгер дары алуу үзгүлтүккө учураса, анын натыйжасы болбой турганын белгилешет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары саясаты боюнча башкы адиси Салтанат Молдоисаева билдиргендей, дары саясаты боюнча 2014-2020-жылдарга карата мамлекеттик программага ылайык, дарылардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуусу керек.
"Адам өмүрү үчүн өтө зарыл болгон кымбат баалуу дарыларды сатып алуу учурда өтө актуалдуу көйгөй болууда. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги кымбат турган дарылардын наркын түшүрүп, бейтаптардын чөнтөгүнө оордук кылбагыдай аракеттерди көрүп жатат. Бир-эки жылдан кийин бул дары-дармекти мамлекет өзү сатып ала баштайт. Андыктан, өтө кымбат, бирок адам өмүрү үчүн өтө керек болгон дарыларды биздин фармацевтикалык мекемелерде болушун камсыздашыбыз керек. Ошол эле оригиналдуу саналган дарылардын өтө кымбат эмес түрлөрүн да алып келүүнү камсыздашыбыз зарыл", — дейт ал.
Андыктан, жергиликтүү мыйзамдар чет жактан келип жаткан дарылардын өлкөгө келүүсүнө тоскоолдук кылбагыдай аракеттер жасалышы керектигин Молдоисаева кошумчалады.
Кереге кеңештин катышуучулары "Патент жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө Кыргызпатент мамлекеттик кызматы каршы болуп атканын белгилешти. Бирок, "Сорос — Кыргызстан" фондунун "Коомдук саламаттыкты сактоо" программасынын өкүлү Илим Сыдыков "Патент жөнүндөгү" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүү эч бир эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди бузбай турганын айтат.
"Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары Кыргызстанга фармацевтика жагын өнүктүрүүгө жана социалдык маанидеги көйгөйлөрдү чечүү менен күрөшүүдө ыңгайлуулуктар каралган. Бизде күчтүү фармацевтикалык заводдорубуз жок болгондуктан, биз өзүбүзгө ыңгайлуу болгон шартты карайбыз. Бейтаптарды сапаттуу, жеткиликтүү дары менен камсыздаш үчүн аны импорттоо ыңгайлуу", — дейт ал.