Парижде ок атуулар кайра башталды

© AFP / Francois NascimbeniПолиция франции в офисе Charlie Hebdo
Полиция франции в офисе Charlie Hebdo - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок атуулар бейшемби күнү эртең менен Париждин чет-жакасындагы Порт де Шатийон деген жерде угулуп жатат. ЖМК билдирүүсүнө караганда, ок атышуудан бир полиция кызматкери оор жарадар болду.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Ок атуулар бейшемби күнү эртең менен Париждин чет-жакасындагы Порт де Шатийон деген жерде угулуп жатат, бир полиция кызматкери оор жарадар болду деп билдирет РИА Новости RTL француз радиостанциясына таянуу менен.

Атамбаев "Шарли Эбдо" журналынын редакциясындагы терактка байлыныштуу Олландка көңүл айтты
Окуянын калган чоо-жайы такталууда.

Андан сырткары, BFMTV француз каналы полиция Charlie Hebdo сатиралык журналдын Париждеги штаб-квартирасына кол салгандык үчүн шектелгендердин бири Саид Куашиге тиешелүү күбөлүктү тапкандыгын кабарлайт деп белгилейт РИА Новости

Charlie Hebdo эмнеси менен белгилүү

Charlie Hebdo сатиралык журналы 2006-жылы Даниянын Jyllands-Posten гезитине чыккан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын кайра өз бетинде чыгаргандан кийин дүйнөгө белгилүү болгон. 2011-жылдын ноябрында журналдын Тунистеги же Ливиядагы кырдаалга арналган кезектеги саны чыккандан кийин белгисиз адамдар Charlie Hebdo журналынын редакциясын өрттөп жиберишкен. Аталган сан "Шариат-Эбдо" деген ат менен чыгышы керек болчу, ал эми редактор деп Мухаммед пайгамбар жарыяланган.

2012-жылы "Күнөөсүз мусулмандар" тасмасына байланыштуу башаламандык күч алып турганда журнал Мухаммед пайгамбардын бир нече карикатурасы чыгарган. 2012-жылдын сентябрындагы санынын сырткы бетинде майыптын коляскасында отурган мусулманды иудей сүйрөп бара жаткан сүрөт чыккан. 2013-жылдын башында Charlie Hebdo журналынын бир санында пайгамбардын өмүрү жөнүндө комикс жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0