БИШКЕК, 15 дек — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министрлик кызматына төрт талапкер чыгып жатат. Бул туурасында парламенттеги КСДП фракциясынан маалымдашты.
Алардын айтымында, үчөө фракциядан — Данияр Тербишалиев, Ирина Карамушкина, Абдыманап Кутушев. Төртүнчүсү "Улуу Биримдик" саясый партиясынын төрагасы Бакыт Манасов. Фракция аталган талапкерди шейшемби, 16-декабрда кароону пландап жатат.
Ал арада депутат Абдыманап Кутушев Sputnik сайтына талапкерликтен баш тарткандыгын билдирди.
"Мен парламенттеги адам укугу боюнча комитет мүчөсүмүн. Шайлоо алдында өлкө мыйзамдарын тиешелүү бир тартипке келтирүү боюнча көп иштер турат. Менин ордума комитетке келе турган адам үчүн бул иштин агымына кирүү кыйыныраак болот деген ой менен өз талапкерлигимден баш тарттым", — деп түшүндүрдү Кутушев.
Өткөн жума күнү, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун отставкасын кабыл алып, кызматтан бошотуу туурасында Жарлыкка кол койгон.