00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как будет проходить сельскохозяйственная перепись в Кыргызстане
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Паспорт без второго согласия: как может измениться выезд детей за границу
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эл аралык сынак жана инклюзия: сурдокотормочуларды даярдоого грант
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?
13:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Евразийский узел. Почему агрессия против Ирана вредит интересам России, Китая и ЦА?
20:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүгүн дүйнөнүн көп жеринде алп жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришүүдө

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүЧынгыз Айтматов
Чынгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө жазуучуну эскерген иш-чаралар өтүп жатат.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо быйыл 86 жашка чыкмак. Бүгүн Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө алп жазуучунун туулган күнүнө карата ар кыл иш- чаралар өтүүдө.

Кыргызстанда эртең менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун жайына жана эстелигине гүлчамбар коюлду. Жазуучуну эскерүүгө Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтов, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, анын талантын баалаган окурмандар, үй-бүлөсү жана жакындары катышты. 

Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" унивеситетинде эскерүү кечеси уюштурулду. Анда айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин Чыңгыз Айтматов жөнүндө кыргыз тилинде "Кыргыз тили. Манас жана Айтматов", орус тилинде "Айтматов. Космос и человек" аталган изилдөө китебинин бет ачары болду. Чогулгандар улуу жазуучуну эскерип, анын чыгармачылыгы туурасында кеп кылышты. Кеченин аягында түрк тилинде тартылган "Кызыл жоолук жалжалым" кинотасмасы көрсөтүлдү.

"Бүгүн алп жазуучубузду эскерген бир нече иш-чаралар өтүп жатат. Алардын бири азыр эле аяктап, Чыңгыз Айтматов атындагы 2011-2012-жылдардагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттары аныкталды", — деп билдирди айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиев.

Бүгүн Түркиянын Стамбул шаарындагы жогорку окуу жайларынын бири – Малтепе университети тарабынан жазуучуну эскерүү иш-чарасы өтүүдө. 

Ал эми борбордук кеңсеси Стамбул шаарындагы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы, Мармара университетинин окутуучусу доктор Фахри Солак жазуучу туурасында оюн бөлүшүп, ал Кыргызстанды чет дүйнөгө тааныткан күзгү болуп калгандыгын айтат. 

Кечээ Брюсселде Чыңгыз Айтматовго арналган фотокөргөзмө ачылып, ага жазуучунун буга чейин эч жерде жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү коюлду. 

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Эл Баатыры. "Гезитчи Дзюйо", "Ак жаан", "Түнкү сугат" сыяктуу бир нече аңгемелердин, "Бетме-бет", "Жамийла","Кызыл жоолук жалжалым","Ботогөз булак", "Гүлсарат", "Биринчи мугалим" жана башка бир катар повесттердин, "Кылым карытар бир күн", "Кыямат", "Кассандранын эн тамгасы", "Тоолор кулаганда" романдарынын автору. 

Жазуучу 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0