БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Аида Салянованы Ала-Букадагы № 30670 аскер бөлүгүндөгү аскер кызматчысынын өлүмүн жеке көзөмөлгө алууну милдеттендирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Эскертсек, Бейшемби күнү кечки саат бештер чамасында улук лейтенант экинчи лейтананттан аскердик бөлүктөгү нөөмөтчүлүктү өткөрүп алып атып, курал колдонуудагы коопсуздук чараларын одоно бузгандыктан кесиптешин атып алган. Анын кесепетинен экинчи лейтенант райондук ооруканага жетпей, жолдо каза болгон.
Каза болгон лейтенант Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтун, ал эми кесиптешин атып алган лейтенант Россиянын Пензадагы аскер окуу жайын бүтүргөн.