00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Өткөн жылы Кыргызпатент авторлорго 29 миллион сомдон ашуун гонорар төлөдү
13:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ачык кеп
Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как дополнительное образование помогает детям раскрыть потенциал и найти себя
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бөбөктөрдүн иммунитети: баланын сасык тумоого чалдыгышы кадимки көрүнүшпү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Көпчүлүк күткөн «Бейиш 2: Апама кат»! Орус актерлору Бондаренко, Майков, Щербаков, Алибутаев кошулду!
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
20:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сарпашев ЖӨАБ органдарын биометриялык маалыматтарды топтоодо активдүү иштөөгө чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт мүчөсү Тайырбек Сарпашев биометриялык маалыматын берүүдөн баш тарткан жарандар айрым мамлекеттик кызматтарды пайдалана албастыгын жана административдик жоопко тартыларын айтты.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Бишкек мэриясында шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активисттери менен жолугушууда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев биометриялык маалыматтарды активдүү чогултууга болгон жергиликтүү бийликтердин ынтаасын колдоорун билдирди.

Архив: Бишкек шаары - Sputnik Кыргызстан
Миллиондон ашык кыргызстандыктар биометриялык маалыматтарын тапшырышты
Айтымында, бул жергиликтүү бийлик органдарынын калк арасында биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча бардык иштерди мүмкүн болушунча тездетүүнү каалагандыгына байланыштуу жана бул иштеги активдүүлүк колдоого татыш керек.

Эмне үчүн маморгандарда биометриялык маалыматын берүүдөн баш тарткандык үчүн жарандарды коркутуулар (мисалы, пенсиядагылардын пенсиясын бербей же ата-энеси биометриялык маалыматын тапшырбаганы үчүн балдарын мектепке киргизбей койгон учурлар) болуп жатат деген суроого Сарпашев мындай окуялар тууралуу укпагандыгын билдирди.

"ЖӨАБ, мүмкүн, чектөөлөр жөнүндө эскертип жаткандыр. Мындай аракет үчүн мен катуу утилдебес элем. Мен жөн гана беометриялык маалымат тапшыруу процедурасынан өтүп коюуну кеңеш кылам. Түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү керек. Ал эми мындай окуяларга туш болгондор МККнын телефон чалуу борборуна кайрылышсын ", — деди Сарпашев.

Ал биометриялык маалыматтарды топтоо "күчтүү, коопсуз жана заманбап Кыргызстан" куруу үчүн стратегиялык маселе болуп эсептелерин жана керек болсо, калктын мамлекеттик кызматтан пайдалануусуна чектөөлөр киргизилиши да мүмкүн экендигин кошумчалады.

"Биз Европа өлкөлөрүнө виза алууда эмнеге тапшырып жатканыбызды жана кимдин укугу бузуларын сурабайбыз да. Бул Европа биримдигинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түшүнүктүү. Бирок анда эмнегедир өз укуктарыбыз тууралуу эстебейбиз. Ал эми өзүбүздүн өлкөнүн коопсуздугуна келгенде, кимдир бирөө бул маалыматтарды уурдап алып пайдаланышы мүмкүн деген болбогон божомолдорду айта баштайбыз. Маалымат топтому ИИМде сакталбайт да", — деп белгиледи ал.

Сарпашев Кыргызстан Монголиянын үлгүсүнө көңүл бурушу керек деп баса белгиледи. Ал жерде биометриялык процедурадан өтпөгөн жарандын республика чегинен чыгууга акысы жок.

"Мунун эч жаман жагы жок жана калктын биометриялык маалымат тапшырбаган саны 10-15 пайыз алганда, мүмкүн, мамлекеттик кызматтан пайдаланууга ушундай чектөөлөр киргизилет", — деп сөзүн бүтүрдү биринчи вице-премьер-министр.

Биометриялык маалыматтарды топтоо республикада үстүдөгү жылдын августунда башталган. Кыргызстандын 16 жаштан жогору бардык жарандары бармактарынын изин, санариптик сүрөтүн жана өз колтамгасын тапшыруусу керек. Акыркы маалыматтарга ылайык, республика боюнча бардыгы болуп 1 миллион 93 миң адам өз маалыматтарын тапшырды. Жарандардын биометриялык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августунда аякташы керек. Жалпысынан өлкө боюнча 3 миллион 641 адамдын жеке маалыматтарын топтоо болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0