00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Афганистан, геополитика и водные ресурсы - политолог о ключевых процессах и политике Запада в Центральной Азии
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖККУнун Аскердик комитетинин отуруму 17-ноябрда Екатеринбургда өтөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАрхив: Екатеринбург шаары
Архив: Екатеринбург шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУнун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов отурумда жамааттык коопсуздук чөлкөмүндөгү аскердик коопсуздукка карата чакырыктар менен коркунучтарды, ЖККУнун аба жана ракетага каршы коргонуунун Бирдиктүү (Бириккен) тутумун түзүү жана Жамааттык аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу маселелерин талкуулоо пландалып жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 13 ноя — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Аскердик комитетинин отуруму Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, РФнын Коргоо министринин биринчи орун басары, армиянын генералы Валерий Герасимовдун жетекчилиги астында 17-ноябрда Екатеринбургда болот, жалпы чакырыктар жана коркунучтар талкуулана турганын РИА Новости ЖККУ менен Борбордук аскердик аймактын (БАА) басма сөз кызматтарын шилтеме берүү менен билдирди.

"Жамааттык коопсуздук чөлкөмүндөгү аскердик коопсуздукка карата чакырыктар менен коркунучтарды, ЖККУнун аба жана ракетага каршы коргонуунун Бирдиктүү (Бириккен) тутумун түзүү жана Жамааттык аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу маселелерин талкуулоо пландалып жатат. 2014-жылы оперативдүү жана аскердик даярдык боюнча биргелешкен негизги иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылат. Оошондой эле, ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик окуу жайларында аскер кызматкерлерин даярдоону уюштуруу иштерин жакшыртуу тууралуу да кеп болот", — деп билдирди ЖККУнун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов.

Андан сырткары, Аскердик комитеттин мүчөлөрү БАА штабынын башкармалыгынын аймактык борборуна барышат.

"Заманбап мультимедиа каражаттарынын жардамы менен алар стратегиялык багыттардын биринде аскер топторун башкаруу боюнча машыгуунун жүрүшүн көрө алышат. Бул машыгууда аныкталган буталарга авиациялык, ракеталык сокку уруп, ок атуу боюнча бир мезгилдеги аракеттердин жүрүшүндө ар түрдүү аскердик топторду жетектөө маселелерин иштеп чыгуу каралган", — деп билдирди БАА аскерлеринин командачысынын басма сөз катчысы, полковник Ярослав Рощупкин.

ЖККУнун Аскердик комитетинин отуруму ЖККУнун уставдык органдарынын үстүбүздөгү жылдын декабрына белгиленген отурумдарынын алдында өтөт. Комитет ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер Кеңешинин алдында түзүлгөн. Анын курамына ЖККУ мамлекеттеринин башкы штаб башчылары кирет. Отурумга ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа жана ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-лейтенант Александр Студеникин катышып, сөз сүйлөшөт.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылдын 15-майында КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин негизинде түзүлгөн. Өзбекстан өз мүчөлүгүн токтоткондон кийин ЖККУнун катышуучулары болуп Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0