Окумуштуу: глобалдык жылуулуктун айынан иче турган суу түгөнүшү мүмкүн

© REUTERS / BeawihartaПоследствия цунами в Индонезии
Последствия цунами в Индонезии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Америкалык окумуштуулар 393 көлмөгө изилдөө жүргүзүп, суудагы кычкылтек жылуулуктун айынан азайып жатканын аныкташкан.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Глобалдык жылуулуктун айынан Жерде иче турган суунун кору азайып, таза суунун экосистемасынын тең салмактуулугу бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Мындай тыянакка Ренсселера (АКШ) политехникалык институтунун окумуштуулары келген. Алар глобалдык жылуулуктун тездешинен улам суусу таза көлдөрдө кычкылтектин деңгээли төмөндөгөнүн байкашкан.
Янцзы дарыясынын жээгинде балык уулап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
Адистер 393 суу объектисин изилдеп чыккан. Ал көлдөр Дүйнөлүк океанга караганда кычкылтекти 2,75-9,3 эсе тез жоготуп жатканын, мындай көрүнүш алардын экосистемасына зыянын тийгизерин аныкташкан.
1980-жылдан бери көлмөлөрдөгү кычкылтектин курамы үстү жагында 5,5 пайызга, түбүндө 18,6 пайызга азайган. Муну окумуштуулар 10 жыл ичинде таза суунун температурасынын 0,38 градуска көтөрүлүшү менен байланыштырган.
Климаттын өзгөрүшүнөн көлдөрдө көк-жашыл балырлар көбөйө баштаган. Булардын таза сууда жашаган организмдерге терс таасирин тийгизери айтылган. Мындай шартта пайда болгон метан парник газдарын бөлүп чыгарып, климаттын өзгөрүү темпи жогорулайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0