https://sputnik.kg/20210217/okumushtuular-kytay-klimat-katastrofa-ozgoruu-bozhomol-1051486740.html
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш ысык Кытайдын түштүк-чыгышында күтүлүүдө, анда күндүз абанын максималдуу температурасы 3,2 градуска көтөрүлөт. 17.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-17T10:53+0600
2021-02-17T10:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
кытай
климат
окумуштуулар
божомол
аба ырайы
https://sputnik.kg/img/07e5/02/10/1051484680_0:0:3038:1719_1920x0_80_0_0_7ec52845f9dd7b5a92a7fe5cfb012eeb.jpg
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Алдыдагы отуз жыл ичинде парник газдарынан чыккан калдыктардын абага тарашы Кытайда температуранын кескин жогорулашына алып келип, табигый кырсыктарды шарттайт. Мындай тыянакка Улуу Британиянын Рединг университетинин жана Кытай Илимдер академиясынын окумуштуулары келгенин Phys.org журналы жазды.Мындай ысык аба ырайы соңку он жылдыктагы абалга салыштырмалуу кескин өзгөрүүнү билдирет. Ошондой эле жыл сайын өзгөрүлүп турган температурадан беш эсе жогору болот. Абанын температурасы Кытайда күндүз 2,1 градуска, түнкүсүн 2,3 градуска көтөрүлүп, жыл аралык өзгөрүүлөрдөн эки эсеге көбөйөт.Илимпоздор кошумчалагандай, эгер Кытай абага ыргытылган зыяндуу заттардын санын кыскартса да күн тез арада эле салкындап кетпейт. Адегенде күн нурларын чагылдырган атмосфера бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын төмөндөшүнөн улам аба кыска мөөнөткө жылыйт. Бирок бара-бара абага ыргытылган зыяндуу заттардын көлөмү азайса, анда температура түшөрү болжолдонуп жатат.
https://sputnik.kg/20190207/nasa-bozhomol-aba-yrayy-1043225158.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/10/1051484680_0:0:3038:1911_1920x0_80_0_0_5cb2ba0ca64305a316eafb540974f2a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, кытай, климат, окумуштуулар, божомол, аба ырайы
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, кытай, климат, окумуштуулар, божомол, аба ырайы
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
10:53 17.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адаттан тыш ысык Кытайдын түштүк-чыгышында күтүлүүдө, анда күндүз абанын максималдуу температурасы 3,2 градуска көтөрүлөт.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Алдыдагы отуз жыл ичинде парник газдарынан чыккан калдыктардын абага тарашы Кытайда температуранын кескин жогорулашына алып келип, табигый кырсыктарды шарттайт. Мындай тыянакка Улуу Британиянын Рединг университетинин жана Кытай Илимдер академиясынын окумуштуулары келгенин
Phys.org журналы жазды.
Мындай ысык аба ырайы соңку он жылдыктагы абалга салыштырмалуу кескин өзгөрүүнү билдирет. Ошондой эле жыл сайын өзгөрүлүп турган температурадан беш эсе жогору болот. Абанын температурасы Кытайда күндүз 2,1 градуска, түнкүсүн 2,3 градуска көтөрүлүп, жыл аралык өзгөрүүлөрдөн эки эсеге көбөйөт.
"Бир караганда эки градус маани бербей турган көрүнүштөй сезилет. Бирок бул жерде абанын температурасынын ысып кетиши жөнүндө сөз болуп жатат. Ал ысыктын табы бүгүнкү күндөгү жыл арасында өзгөрүлүп турган температурадан беш эсе жогору болот. Адаттан тыш ысык Кытайдын түштүк-чыгышында күтүлүүдө, анда күндүз абанын максималдуу температурасы 3,2 градуска көтөрүлөт. Абанын кескин ысып кетүүсү климаттык катастрофаны шарттайт деп айтууга болот", — деп белгилешти британиялык изилдөөчүлөр.
Илимпоздор кошумчалагандай, эгер Кытай абага ыргытылган зыяндуу заттардын санын кыскартса да күн тез арада эле салкындап кетпейт. Адегенде күн нурларын чагылдырган атмосфера бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын төмөндөшүнөн улам аба кыска мөөнөткө жылыйт. Бирок бара-бара абага ыргытылган зыяндуу заттардын көлөмү азайса, анда температура түшөрү болжолдонуп жатат.