06:58 27 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
"Спутник V" вакцинасы (90)
161 0 0

"ЭпиВакКоронанын" иммунологиялык натыйжалуулугу 100 пайыз экенин белгилешет иштеп чыгуучулар. Ал Новосибирскидеги "Вектор" борборундагылар тарабынан иштелип чыккан. Бул – COVID-19ду козгогуч SARS-CoV-2 белок-тикендин майда фрагменттеринен турган синтетикалык препарат.

Ушул тапта вакцина үч миңден ашуун ыктыярчы катышкан сыноодон өтүүдө. Ошол эле убакта жарандык айлантууга да түштү. Кыйыр таасирлери абдан аздыгын айтышат, ошондуктан вакцина карыя курактагыларга да туура келет. Эмдетүүнү каалагандар үчүн бул вакцинаны кеңири талдап берген Татьяна Пичугинанын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"ЭпиВакКорона" эмнеден турат?

Белок-ташуучуга жабышкан SARS-CoV-2 белок-тикендин үч кыска фрагменттеринен турат. Ушул фрагменттер пептид деп аталат, вакцинанын пептиддик деп аталганы ушундан. Белок-ташуучу коронавирустун РНКсын курчап турган нуклеокапсиддик белоктун фрагменттерин камтыйт. Иммундук жоопту күчөткөн зат – адъювант катары мында алюминий гидроксиди бар. Ошондой эле жардамчы бирикмелер жана суу камтылат. Негизги элементтеринин баары синтетикалык болуп саналат.

Вакцинага кандай пептиддер кирет?

"Вектор" мамлекеттик илимий борборунан билдиришкендей, вакциналык пептиддер эң оболу В-клеткалык эпитопторду камтыйт. Т-жардамчы эпитоптордун булагы катары белок-ташуучу кызмат кылат. Бул эмнени билдирерин түшүндүрүүгө аракет кылалы. SARS-CoV-2 нуклеокапсид челине оролгон РНК молекуласы болуп саналат. Булардын баары липиддик капта, сыртынан таажы (корона) сымал, ири белок-тикендер менен кооздолгон. Ошондуктан коронавирус аталган эмеспи.

Белок-тикендер вирустук бөлүктөргө адамдын клеткасына жармашып, ичке кирүүгө көмөктөшөт. Көп сандагы изилдөөлөр бул тикендер организмдин эң чоң иммундук жообун чакырарын көрсөттү. Биологдордун терминологиясында белок-тикен — бул антиген. Аталган белоктун молекуласы абдан чоң, өзгөчө тилкелерге — эпитопторго ээ. Аларды иммундук тутумдун клеткалары аныктап, инфекция менен күрөшүү механизмдерин активдештирет.

"В-эпитоптор жана Т-эпитоптор бар. Биринчисин антигендик детерминанттар деп коюшат. Бул – антигендин молекуласынын тилкелери, алар антителолор менен байланыштырат. Бирок бул тилкелер адегенде В-лимфоциттеринин рецепторлору менен биригип, алардын антитело иштеп чыгууга жөндөмдүү плазматикалык клеткаларга айлануу процессин ишке киргизет", — дейт профессор, В.Н.Орехович атындагы биомедициналык химия Илим изилдөө институтунун пептиддик инженерия лабораториясынын жетекчиси Екатерина Колесанова.

Бирок баары мынчалык жөнөкөй эмес. Антиген эндосом-ыйлаакчанын курамындагы В-лимфоцитке сорулуп, андагы кыска фрагменттерге бөлүнөт. Эндосомдор экинчи класстагы гистошайкештиктин негизги комплексин түзгөн белок менен биригишет.

"Бул белоктор антигендин адатта 14-20 аминокычкыл калдыктардын узундугундагы айрым фрагменттерин кармайт. Алар организм-кожоюндун белокторунун фрагменттерине окшошпойт. Дал ушул өз-жат деп аныкталчу жер", — деп кебин улайт эксперт.

Андан ары гистошайкештик негизги комплексинин белоктору антигендин фрагменттери менен биргеликте В-лимфоциттердин үстүнө чыгат. Мына ошол жерде өзгөчө иммундук жардамчы-клеткалар — T-хелперлер таанылат. Алар В-лимфоциттер менен биригип, аларды активдештирет. "Вакцинанын антителону иштеп чыгуусу үчүн курамында козгогучтун антигендеринин В тибиндеги да, Т тибиндеги да жардамчы эпитоптору болууга тийиш", — деп белгилейт Колесанова.

Вакцина кандай таасир этет?

Эмдөөнүн натыйжасында белок-ташуучу үч пептидди тең адамдын В-лимфоцитке жеткирет. Алар аны активдештирип, коргоочу антителолорду — иммуноглобулиндерди иштеп чыга баштайт. Биринчилерден болуп M (IgM) классындагы антителолор, кийин IgG жаралат, бирок алар канда иммунитетти далилдей баарынан узагыраак кармалат.

"Вектордогулар" эмдөөдөн пайда болгон антителолор коронавирустун белок-тикенинен өзгөчө. Эмделген ыктыярчылардын канынын сары суусу вирусту нейтралдаштыруу активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Демек, антителолор коронавирусту аныктап гана тим болбостон, жок кылууга да жөндөмдүү.

"ЭпиВакКорона" коронавирус же башка вирусту камтыйбы?

Эч кандай вирус же анын бөлүкчөлөрү жок. Аталган вакцина аденовирустарды камтыган "Спутник V" препаратынан ушул менен айырмаланат. "ЭпиВакКоронада" РНК, ДНК, эч кандай тирүү компонент, консервант жана антибиотиктер жок. Анын курамы

Роспотребнадзордун сайтында толук жазылган, ошондой эле вакцинага нускаманы да интернеттен табууга болот.

"ЭпиВакКоронада" пептиддер — коронавирустун белокторуна окшош белоктордун фрагменттери бар. Аларды жасалма түрдө синтездеп, белок-ташуучу – SARS-CoV-2 коронавирусунун нуклеопротеин (N-белок) элементтери бар химердик белокко чиркешкен. "Вектор" тарабынан катталган RU2738081 патентинде көрсөтүлгөндөй, аны синтездөөгө E. Coli ичеги таякчасы бактериясы жардам берет.

"N-белок гени сууда эриген бактериялык мальтоз-байланыштыруучу белоктун (maltose-binding protein, MBP) гени менен абдан жакшы бириккен. Экөө тең бирдиктүү химердик белок түрүндө синтездешет. Алар менен иштөө жеңил", — деп түшүндүрөт Екатерина Колесанова.

Тандалган пептиддер химердик белокко коваленттик байланыштын жаралышы менен химиялык реакциянын эсебинен туташат.

Пептиддик вакцинаны кантип жасашат?

Бул пептиддердин химиялык синтези — айрым аминокычкыл калдыктарынын чынжырын ырааттуу өстүрүү процесси менен ишке ашырылат.

"Эгер пептид кыска, тагыраак сегиз-он калдыктан турса, анда эритмеде синтезделет. Бул узагыраак, бирок арзаныраак. Узунураак пептиддер катуу фазалык ыкма менен синтезделет. Бул мурда эксперименталдык гана ыкма болгон, бирок азыр өндүрүштө да кеңири колдонулат, анткени оңой автоматташат.

Сегиз аминокычкыл калдыгынан турган пептид катууфазалык ыкмада эки саатта, эң узак дегенде – суткада синтезделет. Бул масштаб, аминокычкылдык ырааттуулук жана жабдуунун мүнөздөмөлөрүнө жараша болот. Андан ары — тазалоо жүрөт, адатта бул жогорку натыйжалуу хроматография менен ишке ашырылат. Бул кыйла тез жүрөт, бирок кымбатка айланат", — деп тактайт Екатерина Колесанова.

Синтетикалык пептиддерди белок-ташуучу менен туташтырышат. Бул туруктуу молекулаларды алуу үчүн да зарыл. Пептид канчалык кыска болсо, алар ошончолук тез бузулат.

"Конъюгация (бириктирүү) ыкмалары — фирманын сыры, башкысы эпитоптордун структурасын бузбоо, зарыл болсо организмге же антигенди таанытуучу клеткага киргенден кийин аларга белок-ташуучудан бөлүнүүгө мүмкүндүк берүү керек. Адъювант ички сезгентүү реакциясын жаратып, ошол вакцина сайылган жерге антигенди таанытуучу клеткаларды тартат", — дейт изилдөөчү.

Эмдөө кандай жүрөт?

Вакцина суспензия түрүндө чыгарылып, ийиндин булчуңуна шприц менен сайылат.

Пептиддик препараттар иммунитеттин ыкчам күчтүү реакциясын жаратпайт, ошондуктан "ЭпиВакКорона" 21 күн аралыгында теңме-тең өлчөмдө эки ирет сайылат.

Кандай кыйыр таасирлери бар?

Сыноолордун I-II фазаларына катышкан ыктыярчылардын айтымында ийне сайылган жер бир аз ооруп, тез эле басылып калат. Башка жагымсыз жактарын байкашкан эмес.

Катталган сыноолордон (III фаза) соңку катышуучулар тарабынан түзүлгөн #ЭпиВакКорона бейрасмий Telegram-каналындагылар айрым кыйыр таасирлерин, атап айтканда бир аз ыңгайсыздык, ийне сайылган жер бир суткадай кызарып турганын, ийин катуу ооруганын маалымдашат. Эч биринин дене табы көтөрүлүп, дене талыкшыганы байкалбаган же андай нерсе эмдөөгө байланыштуу экени аныкталган эмес.

"ЭпиВакКоронанын" майнаптуулугу кандай?

"Иммунологиялык жана алдын алуучу таасирде. Биринчиси — бул өзүнчө бир антителолордун иштелип чыгышы. Клиникалык изилдөөлөрдүн I-II фазаларынын жыйынтыгы боюнча өзүнчө бир антителолор ыктыярчылардын баарында түптөлгөн.

Алдын алуучу таасири — бул эмделгендерди илдеттен коргойт. Катталгандан кийинки клиникалык сыноолордун жүрүшүндө изилдөөлөр уланууда. Маалыматтар келерки айда жарыяланат", — деп билдирет Роспотребнадзордун басма сөз кызматы.

I-II фазадагы клиникалык сыноолор аягына али чыга электигин белгилешет "Вектор" борборундагылар. Ортодогу гана жыйынтыктар бар. Азыр плацебо тобу менен туш келди мүнөздөгү (рандомдук) кош иликтөө өтүүдө. Адамдарды туш келди топторго бөлүшөт. Кимге вакцина, кимисине физиологиялык эритме сайылып жатканын ыктыярчылар да, врачтар да билишпейт. Үч миң катышуучунун 2897си эмделип, төрт бөлүгү плацебо алышты. Акыркы ыктыярчы эмделгенден 180 күндөн кийин сыноолор аяктайт. Сыноо бир убакта 60 жаштан ашкан 150 ыктыярчыга жүргүзүлөт. Бул топ боюнча алдын ала маалыматтар да февраль айында чыгат.

Вакцинанын таасирин өз алдынча кантип текшерүүгө болот?

Вакцинанын биринчи ченеми сайылган маалдан 35-42 күн өткөндө коронавирустун S-белогуна IgG классындагы антителолорду аныктоо үчүн кан анализин тапшырууга болот. Бирок тест-системалардын баары эле "ЭпиВакКорона" менен иштелип чыккан антителолорду байкай албайт.

Роспотребнадзор маалымдагандай, буга "Вектор" илим изилдөө борборунда иштелип чыккан "SARS-CoV-2-IgG-Вектор" тест-системасы гана жарайт.

"Бул коронавирустун "ЭпиВакКорона" вакцинасында пайдаланылган белгилүү бир тилкелерине карата антителолорду аныктоодо өтө сезимталдуулук жана өзгөчөлүккө ээ" экени айтылат мекеменин сайтында.

"Чектелген топтогу байкоонун маалыматтары боюнча SARS-CoV-2-RBD-ИФА-Гамалеи тест-системасы "ЭпиВакКорона" пептиддик вакцинасы менен эмделгендердин көпчүлүгүндө оң жыйынтык бергени аныкталган.

Өндүрүшчүнүн маалыматына ылайык, аталган тест-система "дал SARS-CoV-2ге карата коргоочу вирус-нейтралдаштыруу антителолорду" көрсөтүп, "бейтаптын коргоочу антителосу бар-жогун" аныктоого мүмкүндүк берет", — деп такташат "Вектор" борборундагылар. Мындан тышкары препаратты иштеп чыккандардын айтымында, Sanyou Biopharmaceuticals фирмасы чыгарган S1 рекомбинанттык белогу да "ЭпиВакКорона" вакцинасына антителолорду жакшы аныктай алат.

Өз алдынча тест тапшырган III фазанын ыктыярчы-сыноочуларынын баамында,

IgG антителосу былтыр декабрда биринчи ченем менен эмделген үчөөндө аныкталган.

Коронавируска каршы пептиддик вакцинаны дагы кимдер иштеп чыгууда?

Бүт дүйнөдө пептиддик вакциналар эксперименталдык баскычта турат. Аларды иштеп чыгуу жана текшерүү абдан машакаттуу. Ошондуктан, алар мРНК, вектордук жана активсиздештирилген вакциналардан артта калат.

Россиянын бул маселелерди өз күчү менен чечүү үчүн ресурстар жана квалификациялык кадрлар жетишерлик. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 19-январдагы тизмесинде "ЭпиВакКоронадан" тышкары дагы пептиддик эки вакцина-талапкер бар. Аларды адамдарга сынап көрүшүүдө.

Тюбинген (Германия) университетинде жасалган мультипептиддик "P-pVAC-SARS-CoV-2 коктейли" коронавирустун ар кыл белокторунун алты пептиди жана адъювант катары өздөрү иштеп чыккан XS15 липопептидинен турат. Учурда сыноолордун I фазасы жүрүүдө.

Тайвандык United Biomedical Inc., Asia компаниялары жана америкалык COVAXX чыгарган UB-612 препараты S-белогунун (B-клеткалык жообуна багытталган) жана Т-клеткалык жообун жаратуу үчүн мембраналык жана нуклеокапсиддик белоктордун Т-эпитопторунун суб-бирдиктеринин фрагменттерин камтыйт. Азыркы тапта сыноолордун II-III фазалары жүрүүдө.

Тема:
"Спутник V" вакцинасы (90)

Тема боюнча

"Спутник V" вакцинасы 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай жасалды
Венгрия Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп "Спутник V" вакцинасын каттады
Белгилер:
лаборатория, вакцина, Россия, Новосибирск

ЭҢ МААНИЛҮҮ