Трамп Кытайды COVID-19дан өлгөндөрдүн санын жашырды деп айыптоодо

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, Кытайда коронавирустан 4 724 адам көз жумган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кытай коронавирустан каза болгондордун саны тууралуу чыныгы маалыматты атайын эле жашырып жатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалынын журналисттерине маек берип жатып айтканын "Известия" басылмасы жазды.

АКШ лидеринин ою боюнча, азыр Кытайда кыйын мезгил. Пандемиядан улам аталган мамлекет башкалар болжолдогондон да абдан көп зыянга учураган.

"Алар он миңдеген адамдарынан айрылышты. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кытайда коронавирустан көз жумгандар көп. Болгону бул тууралуу алар ачык айтпай, жашырып жатышат", — деди Трамп.

Журналисттер өз кезегинде андан мындай маалыматтарды кайдан алганын сурашкан. Бирок Ак үйдүн ээси бул суроого жооп берген эмес.

Кытай коронавирусту жайылтып жиберди деп айыптаган АКШга жооп берди

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, Кытайда коронавирустан 4 724 адам көз жумган. Ал эми АКШда 184 миңден ашык бейтап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0