Коронавирус себепчи болгон. Эже-сиңди бири-бирин 50 жылдан соң тапты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСүйлөшүп отурган кыздар. Архив
Сүйлөшүп отурган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым кылымдан кийин табышкан эже-сиңдинин атасы бир, энелери эки башка. Криппенди өз энеси чоңойткон, ал эми Борону алты айлык ымыркай кезинде башкалар багып алышкан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШнын Небраска штатында бир тууган эже-сиңди коронавирустун арты менен 50 жылдан кийин жолугушту. Бул тууралуу UPI басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.

73 жаштагы Дорис Криппен май айында ооруп калган. Дартын катардагы эле сасык тумоо катары ойлоп, көп этибар алган эмес. Бирок организми алсыз болгондуктан, аял кулап кетип колун сындырып алган. Жыйынтыгында анын коронавирус илештирип алганы аныкталган. Криппендин ооруканада илдет менен 30 күн алышканы айтылды.

Атасы уурдап кеткен жигит 27 жылдан кийин кыргыз энесин тапты. Ыйлаткан видео

"Ооруканадан чыккандан кийин ал Фремонт шаарындагы реабилитациялык борборго кайрылган. Көрсө, ал жерде 20 жылдан бери Криппендин бир тууган сиңдиси 53 жаштагы Бев Боро иштейт экен. Боро Криппендин атын бейтаптар тизмесинен көрөр замат бир тууган эжем деп ойлогон", — деп айтылат маалыматта.

Криппендин кулагы начар уккандыктан Боро атасынын ысымын доскага жазган. Эжеси аты жазылган кишинин кызы экенин да тастыктаган.

Энеге болгон кусалык: кыргызстандык аял өз апасын 38 жылдан кийин тапты

"Реабилитациялык борборго келип калганым Кудайдын буйругу. Эгер мени бул жакка жөнөтүшпөсө, сиңдимди тапмак эмесмин",— деген Криппен.

Жарым кылымдан кийин табышкан эже-сиңдинин атасы бир, энелери эки башка. Криппенди өз апасы чоңойткон, ал эми Борону алты айлык ымыркай кезинде башкалар багып алышкан.Маалым болгондой, алардын башка да бир тууган ини-сиңдилери бар. Боро алардын көбүн тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0