13:06 30 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.6000
  • EUR92.9927
  • RUB0.9989
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
152 0 0

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү талкуу учурунда ар дайым эле бири-бирин угуп, айткандарына адатта муюй бербейт. Мамлекет башчылардын жеке кездешүүсү абалды өзгөртүп жибериши мүмкүн.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Вашингтон менен Берлин "Чоң жетиликке" Россияны чакыруу керекпи же жокпу деген талашта турат. Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдө Владимир Путинди көргүсү келгени менен ГФР (Германия Федеративдүү Республикасы) ТИМи Хайко Маас Украина көйгөйүнөн улам Россия лидери менен сүйлөшө албастыгын айтууда. Кремлден G7ге барууга эч ким ашыкпастыгын жана андан көрө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү болгон "өзөктүк бештик" жолугушуусуна көңүл түшүп жатканын айтты. Эми окуя кандай өңүттө өнүгөрүнө РИА Новости сереп салган.

"Коопсуздук — товар эмес"

Германия Федеративдүү Республикасы менен АКШ быйыл дипломатиялык мамилелеринин 65 жылдыгын белгилейт. Вашингтон менен Берлиндин союзу евроатлантикалык коопсуздуктун кепилдиги катары каралып келет. Бирок юбилейге көлөкө түшүп калчудай болуп турат.

Жайдын башталышы менен АКШ президенти Германиядан 9,5 миң америкалык аскерди алып чыгып кетери белгилүү болгон. Мунун негизги себеби немис бийлигинин түндүкатлантикалык альянска чыгымына берүүчү каражаттын көлөмүн арбытууну каалабаганы болду. Ак үйгө Берлиндин америкалык товарларга бажы төлөмүн азайтуудан баш тартканы да жакпай турат.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

"Трамп НАТОну соода уюму менен алмаштырып алды. Коопсуздук — товар эмес, ал өз ара боло турчу нерсе", — деп Германиянын коргонуу министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр Америка лидерине каяша айтууга аракет кылды. Бирок мындан эч нерсе чыккан жок.

"Эгерде немецтер биздин коргоонун алдында болгусу келсе, карыздарынан кутулсун да, НАТО бюджетине болгон мүчөлүк акысын көбөйтсүн", — деп сөз кайырган АКШнын Берлиндеги мурдагы элчиси Ричард Гренелл. Трамп анын пикирине кошулган.

Евробиримдикте энергетикалык коопсуздук маселеси боюнча да бирдиктүү пикир жок. Америкалыктар "Түндүк агым — 2" жана "Түркия агымы" европалыктардын Россиянын газына көз карандылыгын көбөйтүп, саясий тобокелдикти жаратат деген ишенимин таңуулап келет.

Немецтер буга макул эмес, Вашингтондун минтип киришип жатканы аларга жакпай турат. Америкалыктар да өзүнүкүн бергиси келбей, Россиянын энергетикалык долбоорлоруна катышкан европалыктарга карата жаңы санкцияларды киргизүүдө.

"Кытайга каршы альянс"

Москва боюнча, кыязы, Берлин менен Вашингтон консенсуска келгендей болгон: Крымдын Россияга кошулушун тааныбай, Украинанын түштүк-чыгышындагы чатакта Киевди колдогон. Бирок башка маселелерде пикирлер эки ача чыгып калды.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

Өткөн аптада мамлекеттик департамент Кытайга карата альянс түзүү пландарын билдирди.

Майк Помпео буга Москваны тартууну сунуштаган. Президент Трамп сентябрда боло турган G7 жыйынына Владимир Путинди чакыруу идеясын эстеди. "Чоң сегиздикти" калыбына келтирүү туурасында сөз болбогону менен Вашинггтон бул Кытайга карата биримдикти талкуулоого жакшы себеп болот деген окшойт.

Ал эми Германиянын логикасы такыр башка. Ангела Меркель Кытай АКШ эле эмес, Европа үчүн да чындыгында "тышкы саясаттагы башкы нерсе болуп турат" деп эсептейт. Анткен менен ГФР канцлеринин пикиринде, "азырынча бир дагы өлкө Кытайга каршы чыгып, айбат көрсөтө албайт".

"G7нин Кытайга каршы альянс катары трансформация болушу Берлиндин кызыкчылыктарына жооп бербейт", — деген ишенимде Меркель. Ал азыркыга чейин пандемия учурунда АКШга баруу керекпи деген күмөнсүүдө турат.

Немец дипломатиясынын башчысы Хайко Маас Трапмтын Путинди саммитке чакырышына караманча каршы.

"Крым жана Украинанын түштүк-чыгышындагы чатактар Россиянын G8ден чыгышына таасирин тийгизди. Азырынча бул маселелерди боюнча чечимдер жок, Москваны бул форматка кайтаруунун зарылдыгын көргөн жокмун", — деген ал.

"Бештик саммити" боюнча кепке келүүчүлүк

Дискуссияга Москвадан да үн катышкан. ТИМ жана Федерация Кеңеши антикытайлык кандайдыр бир бирикмелерге катышпай тургандыктарын, Кытай менен кызматташуу Россия үчүн приоритет экендигин айтышкан.

"Жетилик тобу" батыш дүйнөсүнүн биримдигин демонстрациялаган аспапка айланды, бирок жаңы чечимдерди кабыл ала алган жок. Россия ар кыл форматтагы диалогго ар дайыма даяр, бирок катышуучулардын теңдиги болушу шарт", — деген Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Константин Косачев.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москванын "Чоң жетиликке" кайтайын деген тилеги жок экендигин айтты.

"Россия экономикалык азыркы учурдун талабына жооп берген G20нын ишинин майнабына канааттанат", — деген Песков.

Муну G7 да тааныды. Владимир Путиндин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн бештик саммитин уюштуруу тууралуу демилгеси бир топ кызыгууну жаратты.

"Эл аралык иштерде ачык эмес болгон учурлар арбып кетти, ага негизги делген мамлекеттер, расмий өзөктүк державалар көңүл буруп турушу керек. Андыктан менин көз карашымда, мындай жолугушуулар өз учурунда жасалган, пайдалуу жана керектүү кадамдар болмок", — деген Россиянын президенти идеясы туурасында.

Сабыры жок лидердин кесепети. Көйгөйдү айта бербей чечиш керек

"Бештик саммитинин" форматы жана күн тартиби боюнча талаш-тартыш жаралган жок. АКШ, Франция, Кытай, Улуу Британия Россиянын сунушун колдоп, макул болду. Талкуулай турган маселелер көп экендигин моюндашты.

Аталган саммит сентябрга болжолдонду. Пандемиядан улам ал видеоконференция түрүндө да өтүшү мүмкүн. Учурда талкуулана турган темалар аныкталууда. Көңүл борборунда чыр-чатак каптаган аймактар, стратегиялык куралдануу жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү турат.

Россияга болгон прагматикалык көз караш

Коопсуздук боюнча маселелерди изилдеген Жорж Маршал атындагы европалык борбордун адиси Пал Дунай РИА Новости менен болгон маегинде алдын ала шашкан бүтүм чыгарбоо керектигин айтат. Эл аралык маселелер, анын ичинде Россиянын G7ге катышуусу жаатында азыркы америкалык-германиялык тирешүүнү эксперт "сөз кармашы" деп атады.

"Берлин коомчулук алдында Вашингтон менен айтышпаганга аракет кылууда. Немец истеблишменти Трамптын аракети азыр Америкадагы шайлоо менен шартталгандыгын түшүнүп турат. АКШ президенти өзүнүн бул кадамы евроатлантикалык коопсуздукка кесепетин тийгизсе да, НАТО боюнча союздаштарына чечкиндүү мамиле кылам дегенин көрсөтүүгө далалат кылууда. "Түндүк агым — 2", америкалык аскерлердин Германияга келиши, Россия менен өз ара мамилеси сыяктуу маселелерде ГФР өзүнүн позициясын так айтууда", — деп түшүндүрдү Дунай.

Кылымга созулган каршылашуудан соң мамиле оңолобу. Москва — Берлин алакасы

Алдыда боло турган G7 саммитинин айланасында ар кыл сөздөрдү чыгаруу — атайлап жасалган кадам деп эсептейт эксперт. Эксперт "жетиликтегилер" бир нече глобалуу маселелерди аймактык бир катар державалар — Кытай, Индия, Түштүк Африка, Бразилиясыз чечүү болбогон нерсе экендигин бир канча ирет моюндашкандыгын айтат. Евробиримдик да Россиянын жакынкы чыгыштагы чатактарды жөнгө салууда маанилүү роль ойногондугун сезип турарын эксперт эске салган.

"Американы айтпай эле коелу, Европа Россияга прагматикалык өңүттө карап турат. Трамптын Путинди G7 саммитине чакырышы да популисттик жүрүш. Германияны Москва менен жок дегенде энергетика байланыштырып турат. Бул жерде Берлиндин позициясы так: Вашингтондун кысымына карабай, немецтер кечигип курса да "Түндүк агым — 2ден" баш тартпайт", — деди Дунай.

Эл аралык иштер боюнча Россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов G7 ушул учурда жакшы эмес формада турат, ал эми келишпестикти пайда кылган бир эле Россия эмес.

"Жетилик тобу" өзүн дайыма G20 менен салыштырууга мажбур. Анысы өзүнө пайда алып келбей калып жатат. Бирок Москванын жакында боло турган саммитке катышуусу боюнча талкуу баары бир кызыгууну жаратууда. Ал батыштагылар Кытай менен баары каршылык болорун сезип турганын көрсөтөт. Россиянын бул форматка кайтып келүүсү анын Батышка тиешелүү кылып коймок. Бул биз баары бир түндүк атлантикалык цивилизацияга басым жасайбыз дегенди билдирмек. Бирок Россия мындай геосаясий ыкка көнө койбойт", — деген Кортунов.

Эксперттер кайра куруунун ички этабы жана максаттарды ойлонуп чыгуу G8дин кайра жаралышындагы жакшы деле учур эмес деген пикирге келишти. Ага караганда "бештик саммити" келечектүү дешти. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү талкуу учурунда ар дайым деле бири-бирин угуп, айткандарына муюуй бербейт. Мамлекет башчылардын жеке кездешүүсү абалды өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Тема боюнча

"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт
Белгилер:
Коопсуздук кеңеши, БУУ, биримдик, Кытай, Геосаясат, Европа, АКШ, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ