Россиянын эл аралык аренадагы кадыр-баркы көз көрүнөө өзгөрүп жаткандай дейт россиялык журналист, баяндамачы Ирина Алкснис. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Негизи Россия бүгүн-эртең кыйрайт деген көндүм пикир азыр деле актуалдуу. Америкалык министрдин айтканы да дал ушуга негизделген. Бирок буга ишенүү да барган сайын кыйындап бара жатат.
Ал эми Россиядан туруп карап, дагы бир өзгөчөлүк көз жаздымда калып жатканын байкоого болот: кандай гана жагымсыз окуя болбосун, Москва абийири менен, башын өйдө көтөрүп баарына чыдоого даяр. Бул сөз муниципалдык аткаминерден баштап дүйнөлүк аренада аты аталып жүргөн саясатчыларга чейин тиешелүү. Кырдаал канчалык оор болсо да, болуп көрбөгөндөй сокку алса да сабырдуулук, туура сүйлөй билүү сапаттары өтө зарыл. Анткени көпчүлүктө ачууга алдырып ийүү атаандаштын колуна кошумча көзүр болуп берет эмеспи.
Бирок бүгүнкү күндө Москванын дүйнөлүк саясаттын негизги эрежесин карманганы феномен катары кабылданып калды.
Россия менен Түркиянын Идлибдеги кырдаалга байланыштуу мамилесинин азыркыдай курчушу төрт жыл мурун мен ЖМКмын дегендин баарына жазылып, жарыяланып, согуш оту туууралуу айтылып жатып калмак. Азыр жагдайга өтө деле көңүл бурган жан жок.
Мунун баарына Түркия президентинин колундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана билген, бирок оюндагыдай болбой калганда айткан-дегенине ээ боло албай калган мүнөзү себеп. Кырдаал көзөмөлүнөн чыгып кеткенде Эрдоган ачууга алдырып коёру белгилүү болду. Ошол абалды өз пайдасына буруп алууга же жок дегенде зыянын азайтууга да жөндөмсүз болуп чыкты.
Ушундай эле абалга азыр Александр Лукашенконун да кабылып жатканын байкоого болот. Белоруссия президенти акыркы айларда тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, даанышман саясатчы деген реномесин жоготуп бара жатат. Россия менен болгон мамилесинде кандайдыр бир тоскоолдуктар чыкса, тажрыйба менен акылмандык артка чегинип, сабырсыздык алдыга озуп чыга каларын байкадык. Бул алсыздыктан кабар берип, кырдаалды көзөмөлдөө жөндөмдүүлүгүн алсыратары турган иш эмеспи.
Аалам ушу тапта өткөөл мезгилди башынан кечирүүдө. Көпчүлүк державалар үчүн макамын, эл аралык аренадагы таасирин өзгөртүүгө жол ачылды. Түркия же Польша (Россия үчүн деле, анын эмнесин жашырмак элек) үчүн бул державалык амбицияны ишке ашыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок буга жетиш үчүн колдогу саясий, экономикалык, аскерий картаны туура ойнотуу абзел.
Бирок көпчүлүктүн көзүнчө расмийлердин буркан-шаркан түшкөн сөзүнүн өз өлкөсү үчүн таасири тескери болору чындык.
Беш жыл ичинде Россия бир топ нерсени башынан өткөрүп, эмне деген гана кыйынчылыктардан өткөн жок. Бирок таптакыр болбой калды деген учурда да Москва сабырдуулугун, салкын кандуулугун көрсөтүп, өзүнө өзү бекем ишенерин айгинелеп келди. Ошол учурда өлкө жетекчилиги чындап эле өзүнө ушунча ишенди беле же алсызданып, тынчы кетип турганын билдирбеш керек экенин билип туруп намыс-кадыры үчүн "туруп берди" бекен? Ойлонтчу суроо.
Кандай болгон күндө да жыйынтыгы айкын. Крым көпүрөсү курулду. Импортту алмаштыруу жаатындагы аракеттер Россияны дүйнөлүк рыноктогу негизги оюнчуга айландырды. Сириядагы аскерий операция жеңишке жеткирип, Жакынкы Чыгыштагы таасирин арттырды. Бул ийгиликтердин чети гана, санай берсе көпкө барат.
Натыйжада америкалык аткаминерлердин билдирүүлөрүнө карабай, "Түндүк агым - 2" долбоору аягына чыга турганынан Батышта эч ким деле күмөн санабай калды. Россия айтканын аткара турганын далилдеген.
Ал эми Түркия мындай сапаты менен мактана албайт.