Сөзүнө далил келтирүүнүн ордуна өз тажрыйбасы жана ички туюмуна ишенерин сунуштады. Эмнеге америкалыктардын көзүнө ар кай жактан "россиялык из" илинип жатканын РИА Новости иликтеп көрдү.
Нааразылык акциялары мародерлукка айланды
Лос-Анджелестин соода борборлору карантинде. Калифорния бийлиги аларды июнда ачууну пландаган. Бирок алардан мурда мародерлор озунуп ачты. Эми элиталык бутиктердин эшик-терезелери сынган, талкаланган. Талоончулар тиричилик техникасын, кийим-кече, эмерек, ал тургай тамак-ашты да алып чыгып жатышты. Полициялык тик учактар ээн баштыкты токтотууга аракет кылып, ылдый суу төгүштү. Бирок муздак суу да козголоңчулардын демин суутпады.
Көбүнүн колунда Флойддун ажал алдындагы: "Дем жетпей жатат" деп айтканы жазылган транспаранттар. Жүздөгөн адам асфальтка жатып алып, бул фразаны кайталай жаңыртышкан. Бирок тынч акциялар тез эле кагылышка, андан башаламандык жана талоончулукка өсүп кетти.
Ири калааларда коменданттык саат жарыяланды, бул да жардам бербеди. Вашингтондо митингчилер Ак үйдү курчап, ичине кирүүгө аракет кылышты. Нью-Йоркто топтолгон эл таш ыргытып, жыйырма полиция машинасын өрттөп салды. Портлендде козголоңчулар соттун имаратына өрт коюшту.
Жарандык коомго коркунуч
Адегенде АКШда көпчүлүк демонстранттарды жактап жатышкан. Жергиликтүү бийлик чагымчыларга көңүл бурбоого тырышып, полиция кызматкерлерин күч колдонбоого чакырышкан. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ичине өрт чыгаруучу аралашма куюлган бөтөлкөлөр ыргый баштаганда күч колдонбой коюуга болбой калган.
Миннесота губернатору Улуттук гвардияны штатка киргизген, аскерлер Лос-Анджелесте да жардамга келген. Жаш агызуучу газ колдонулуп, желим октор атылган.
"Миннеаполистеги окуялар Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык чегинен чыгып кетти. Талап-тоноолор жарандык коомго кооптуулук туудуруп, биздин калаанын турмушуна коркунуч келтирип, жашоосуна жолтоо болууда", — деп түшүндүргөн губернатор Тим Вальц.
Дональд Трамп андан да катуу чараларга барды. Президент Флойддун өлүмү "америкалыктардын үрөйүн учурган, кайгыга салып, кыжырын кайнаткан кайгылуу окуя" экенин мойнуна алган. Бирок өз убагында топтошкон элди тынчтандыра албаганына штаттардын бийлигин сындаган. Митингчилерди президент "бандиттер" деп атап, күч колдонууга уруксат берген. Ал эми солчул радикалдык топторду козголоңчуларды шыкактоого айыптап, андай кадамдарга тыюу салууга чакырган.
Жекшемби күнү коопсуздук кызматы өлкө башчысын АКШ Ак үйүнүн алдындагы бункерге жайгаштырган. Ал жактан коркунучтун мизи кайтканда гана чыга алды.
Күнөөлүүлөрдүн изине түшүп...
Ал жактагы акциялардан дароо эле россиялык изди "таап чыгышты". "Өткөн шайлоо кампаниясында россиялыктар кара активисттерге айланган. Алар азыркы башаламандыктарга да тиешеси бар экенин эсепке албай кое албайм", — деп билдирди Орлеандын жаңы мэри Марк Мориал CNN каналынын эфиринде. 2016-жылдагы шайлоого Москванын кийлигишип-кийлигишпегени көп жылдан бери изилденип, бир илинчек табылбай келгени туурасында мэр ооз ачпады.
"Россиялык из" боюнча талкуулоону Трамп сынга алды. CNN муну ал беделин өстүрүү аракетинде кылып жатканын боолголоду. Москва да буга үн катты. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия "эч качан америкалыктардын ишине кийлигишкен эмес, азыр да кийлигишпейт", – деп билдирди.
Америкадагы поляризация
Америкалык коом өтө поляризацияланган. РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов АКШдагы жапырт мүнөз алган протестти ушинтип түшүндүрөт. Кептин баары баалуулуктардын ажырымында, ал бийликке Дональд Трамптын келиши менен күчөгөн.
"Америкалыктардын бир бөлүгү либералдуу баалуулуктарды карманат, башка бөлүгү консервативдүү келет. Эмиграциянын тарапташтары да бар, бирок Мексика менен чек арага дубал орнотууну колдогондор да толтура. Ага протекционисттер менен глобалисттердин жаңжалын да кошкула. Миннеаполис дагы бир ирет расалык көйгөйдү козгоду. Калктын ынды кара катмары коомдун толук кандуу бөлүгү боло албады", — деп түшүндүрөт Суслов.
Коронавирус пандемиясы, серепчинин пикиринде, афроамерикалыктардын аялуулугун баса белгиледи.
"Бул инфекциядан каза тапкандар калктын ынды кара катмарынын арасында кыйла жогору. Болду-болбоду, бул – медициналык камсыздоодогу чектөөлөрдүн кесепети. Афроамерикалыктар медициналык кызматтын кымбаттыгынан, ак жуумалдарга караганда кирешеси төмөндүгүнөн улам дарылана алышпайт", — дейт Суслов.
Айыптоолорду амалдана пайдаланышмакчы
"Орус изин" издөөнү саясат таануучу бийликтин ички пикир келишпестиктерди моюнга алгысы келбегенине байланыштырат. "Америкалык элита коомунун абалы жайында, баарын бузган Трамп менен орустар деп болжойт. Эгер Трампты кетирип, "орустардын изин" алып койсо, өлкө кайра калыбына келет деп ойлошот. Калаалардагы акциялар мурдагыдай калып эбак жок болгонун көрсөтүүдө. Эч ким олуттуу реформаларды зарыл деп эсептебейт", — дейт Суслов. Райстын билдирүүсүн шайлоо алдындагы кампаниянын нугунда кабыл алуу керек деген ойдо саясат таануучу.
Байдендин жеңиши кезектеги "россиялык ишти" кайра козгоорун боолголойт Суслов. "Шайлоого таасир этүү ниети бар деп америкалыктар дароо Москваны күнөөлөп кирди. Эми андай шектенүүлөр күчөп кетти. Конгресстеги демократтар Миннеаполистеги талап-тоноочулукка да санкция сунушташы мүмкүн. Мындай аракет аны менен токтоп калбайт. Байден Москваны америкалык коомду жок кылуу аракети үчүн айыптап, муну шайлоо алдындагы тезистерге айлантууга да барышы ыктымал", — деп жоромолдойт саясат таануучу.
Бирок тышкы душманды издөө, серепчинин пикиринде, россиялык-америкалык мамиле, эл аралык коопсуздук тутумун да жакшылыкка алып келбейт. Анүстүнө, идеологиялык көндүм пикирлерди пайдалануу Американын өзү үчүн да кооптуу. Себеби протесттер да мындай "бороон" жараткан көйгөйлөр сымал реалдуу. Орус изи бар деген кине деле эч нерсени чечпейт.