02:10 16 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD78.1475
  • EUR92.3469
  • RUB1.0674
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
363 0 0

Россия жана бир катар мунай экспорттоочу өлкөлөр кирген ОПЕК+ келишимине АКШ расмий түрдө кошулган жок. Анткен менен бейрасмий деңгээлде бул келишимге америкалык сланец мунайдын басымдуу бөлүгү казылган Техас штаты кириши мүмкүн.

Бул жаатта серепчи Иван Данилов ой-пикири менен менен бөлүшүп, алдыңкы жылдарга  көз чаптырып көргөн.

"Сланец революциясынын" эпицентри болгон мунай компанияларынын кыскарышы жаатындагы тагдырга таасир этчү чечим 5-майда кабыл алынышы ыктымал. Техас мунай тармагын жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин токтому "май токоч" сунуштап турган жери жок. Анын ордуна – ар бир "ашыкча" баррель үчүн аткаминерлердин колунда айып пул түрүндөгү "кызыл камчы" гана болот. Ал эми чыгымдарга көнө түшкөн сланецчилер муну ансыз да киреше алып келбеген бизнестин кошумча чыгашасы катары эсепке алышпаган өңдүү. Айып пулдун өлчөмүн баррелине 1000 доллардан бекитүү сунушталууда. Бул эркиндикти сүйгөн мунайчылардын да демин суутушу мүмкүн.

© Sputnik / Константин Михальчевский
Техастын белдүү басылмаларынын бири Houston Chronicle өндүрүштү кыскартуу планы боюнча ийне-жибине чейин талданган макаласын жарыялады. Ал материалда эгер кабыл алынып калса, айланасында кандай кармаштар башталары да жоромолдонгон. "Техастын мунай-газ тармагын жөнгө салчу Темир жол комиссиясы штатта мунай казууну айына 20 пайызга кыскартууга мүмкүндүк берген сунуштун тегерегинде коомдук талкууну ачты. Сунушталган буйруктун тексти бул план талкуулана турган комиссиянын жыйынын утурлай жарыяланган (отурум шейшемби күнү, 5-майга белгиленген).

Комиссия кен казууну кыскартуу боюнча буйруктарды 1970-жылдардан бери чыгара элек болчу. Бирок коронавирустун айынан дүйнөдө чийки мунайдын ашыкча көлөмдө болушу сланец алуучу Pioneer Natural Resources жана Parsley Energy компаниялары мамлекеттик агенттиктен бул ыйгарым укугун колдонууну өтүндү.

Мындай өтүнүч мунай-газ тармагындагы ажырымга алып келди. Майда өндүрүшчүлөр жана айлана-чөйрөнү коргоочулардын коалициясы казууну кыскартууну жактаса, тармактык соода ассоциациялары, ири компаниялар жана түтүк менен ташыган операторлор буга караманча каршы".

Өндүрүштү 20 пайызга кыскартуу... Эгер Техас же жалпы АКШ ОПЕК+ келишимине кол койгон күндө аталган тарап да ушунча көлөмгө кыскартууга аргасыз болмок. Бул көлөм да капысынан тандалбагандыр. Дал ушундай чечимге саясий өтүнүч болгон деп шек саноого болот. Бирок кабыл алынарына да кепилдик жок.

Ушул тапта АКШда "баарын рынок чечет" деген нерсе үстөмдүк кылууда. Чынында бул жакындагы эле америкалык West Texas Intermediate мунайынын арзандаган жагдайларына кептейт. Бирок бул модель баарына эле жага бербейт.

Айрым чакан мунай өндүрүүчүлөр (Техаста 20 чакты жумушчусу бар, күнүнө 1000 баррелден өндүргөн мындай ишканалар толтура) үчүн кен казуунун кыскарганы оң. Техастык жөнгө салуучулардын долбоору боюнча "чакан мунай бизнеси" квоталоодон бошотулат. Тагыраагы, кыскартуу милдети бүт бойдон ири жана орто ишканаларга жүктөлөт.

Аткаминерлерди аралаштыра мажбурлай кыскартуунун демилгечилери — Pioneer Natural Resources жана Parsley Energy компаниялары. Булар сланец казган ири тараптар. Бирок алар салттуу мунай индустриясынын Exxon же Chevron өңдүү үлкөндөрүнө караганда алда канча чакан.

Кыскартууну демилгелеген компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүү бааны кайсы бири жогорулатат деген үмүттө турушат. Муну менен катар каржылык көз караштан алганда, сланец тармагындагы чабал атаандаштары кандай болгон күндө да банкротко кабылышат.

Америкалык журналисттер атагандай, мунай казуунун конвенционалдык үлкөндөрү кыскартууларга каршы болгону менен тапкан пайдасы тез эле артышы ыктымал. Адегенде бардык сланец ишканаларынын жабылышын көргүсү келет. Башкача айтканда, коронавирус апаатынан пайдаланган класс катары жок кылууну көздөйт. Бул үчүн алар бир нече ай же андан да узак убакыт бою кескин төмөн баага да кайыл.

Албетте, расмий деңгээлде алар эркин рынокко кам көрүп жатышканын айтып актанышат. Бирок америкалык мунай индустриясынын "эски" сегментинин капитандарынын идеалисттик маанайын туюп-билүү үчүн канчалык деңгээлде баео болуу керек? Алар канчалаган жылдардан бери сланецчилердин өзүм билемдигинин азабын тартып келишкен.

Bloomberg ишкердик маалымат агенттиги кандай күн болгондо да бул окуянын аягы жаман бүтөрүн боолголойт.

"Мунайдын терс баасы, эч ким алгысы келбеген жүк, аны деңизден деңизге ташыган танкерлер, мунайды дагы кайда сактоо керек деген көйгөй, ал маселени чыгармачылык менен чечүүгө тырышкан трейдерлер... Мунай каатчылыгынын дагы бир барагы ачылары турулуу иш. Мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгү да жабылып калары ажеп эмес" дешкен алар. Америкалыктар үчүн Сауд Аравиясы, Россия жана башка жоопкерчиликтүү мунай казуучуларга чындап биригиши кырдаалдан чыгуунун акылга сыярлык жолу болмок. Бирок техастык комиссиянын өзүнүн мүчөлөрүнүн арасында да "рыноктук фундаменталисттер" жок эмес. Алардын бири, күн тартибиндеги кен казууну квоталоо жөнүндөгү сунушту токтотууга алы жетпеген төрага Уэйн Кристиан эч нерсеге карабастан, эркин рынокту коргоо чакырыгы менен басма сөзгө чыгууну чечкен.

"Бир күнү COVID-19 капсалаңы артта калат, бензин өңдүү мунай өндүрүмдөрүнө суроо-талап өсөрү шексиз, анткени америкалыктар ишке барып-келе башташат. Кырдаал турукташат. Бирок кеп ал замандын качан келеринде. Бул биздин өлкө кабылган биринчи да, соңку да каатчылык эмес. Бирок кыйынчылыкка кабылганыбызда Америка да Техас сыяктуу эле кубаттуу боло баштайт. Дал ушул себептен эркин рынок принциптерин карманып, Техаста квоталоого каршы чыгууну көздөп турам", - деген ал.

АКШ кыскартуудан баш тартышы да ыктымал. Балким, бул өлкөнүн мунай рыногуна деле таасир этпестир. Ошентсе да техастык комиссиянын мындай чечиминин кыйла олуттуу геосаясий кесепеттери болот. 2019-жылы эле америкалык эксперттер Сауд Аравиясы жана Россия жаңы мунай альянсын түздү деп терең санаага баткан. Биримдиктин кара алтындын баасын көтөрүүгө да, түшүрүүгө да кудурети жетмек. Альянска ОПЕКке мүчө мамлекеттер да, ага кирбеген өлкөлөр да катышкан.

2020-жылы ОПЕК+ мунасасы бузулганда геосаясат боюнча америкалык эксперттер мунайдын баасынын төмөндөшүнө бир эсе өкүнгөн. Экинчи жагынан былтыр бир топ эле чочулаткан альянс америкалык глобалдык энергетикалык саясатка, ошондой эле АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы дипломатияга коркунуч келтирбей каларына абдан кубанганы айдан ачык.

Жаңы, эч болуп көрбөгөндөй ОПЕК+ келишими америкалык азапты анча-мынча кайра жандандырышы ыктымал. Мунай рыногундагы аракеттерди координациялоо дагы да кеңейди, ал тургай НАТОну да камтыйт.

Financial Times басылмасы кабарлагандай, "Норвегия мунай өндүрүүнү 13 пайызга кыскартат". Бул Норвегия өкмөтү "чоң келишим" боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганча чейин эле ОПЕК+ өлкөлөрүнө берген өзүнүн бейформал убадасын аткарганын туюндурат.

Каатчылык акыры аяктайт, ал эми АКШ катышпаган дүйнөлүк мунай рыногунун тагдыры тууралуу макулдашуу адаты сакталып калары бышык. Салыштырмалуу жалгыз же кеминде эле азчылыкта калса да, Кошмо Штаттар жалпы жана жеке Техаста "эркин рыноктун" принциптерине кол тийген жок деп өздөрүн жооткото алат. Бирок баары бир сланец тармагын бул принциптер "тойгузуп койбойт".

Тема боюнча

WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 34 жыл мурдагы абалына түштү
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби?
Белгилер:
каражат, Мунай, экономика, ОПЕК, Сауд Аравиясы, Техас, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ