Ирактагы Американын аскер базасына сокку урулду

© REUTERS / US MARINESАКШнын Ирактагы аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын Ирактагы аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү дагы америкалыктар жайгашкан Балад аскер базасы ракеталык чабуулга тушуккан. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ирактын Багдад шаарында америкалык аскерлер жайгашкан Эт-Тажи базасына ракеталык чабуул жасалды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Arab News басылмасы билдиргендей, сокку "Катюша" сыяктуу артиллериялык түзүлүш менен урулган.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Белгилей кетсек, жекшемби күнү дагы америкалыктар жайгашкан Балад аскер базасы ракеталык чабуулга тушуккан. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес.

Иран менен АКШ чатагы

АКШ — Иран чатагы: Вашингтон Жакынкы Чыгышта таасирин сактоого кантип аракеттенүүдө - Sputnik Кыргызстан
АКШ — Иран чатагы: Вашингтон Жакынкы Чыгышта таасирин сактоого кантип аракеттенүүдө
Жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы боюнча 4.20) Американын Ирактагы "Эйн-аль-Асад" жана "Эрбиле" деп аталган аскерий базаларына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ал эми Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Дональд Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0