АКШда өлүм жазасынын ишке ашырылышын 11 жыл күткөн киши өз жанын кыйды

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKI Тюрьма города Даллас
Тюрьма города Даллас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуучу керектүү препараттын жоктугунан өлүм жазасына тартылбай келген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШнын Невада штатында өлүм жазасына кесилген Скотт Дозьер абактагы камерасынан өз жанын кыйды. Бул тууралуу St. Louis Post-Dispatch гезити жазды.

Маалыматка ылайык, Дозьер абактагы жашоосун жашоо эмес, кыйноо экенин буга чейин айтып келген. Ал 2002-жылы Лас-Вегаста адам өлтүргөнү үчүн абакка кесилген. Тергөөнүн жүрүшүндө соттолгон жаран дагы бир кишинин өмүрүнө забын болгону аныкталып, анын жазасы катуулатылган.

2007-жылы Дозьер өлүм жазасына кесилген. Бирок керектүү препараттын жоктугунан чечим ишке ашпай келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0