Түркиянын аэропортунда учак жарга кадалып калды. Жүрөк үшүн алган кадрлар

© REUTERS / Muhammed Kacar/Dogan News AgencyТүркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто Pegasus Airlines аба каттамынын самолету учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип деңизге түшүп кете жаздаган
Түркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто Pegasus Airlines аба каттамынын самолету учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип деңизге түшүп кете жаздаган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын ичинде 162 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Түркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто Pegasus Airlines аба каттамынын самолету учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип деңизге түшүп кете жаздады. Бул туурасында Sputnik Белоруссия агенттиги жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен билдирди.

​Жүрөк үшүн алган окуя 13-январь күнү кечке жуук болгон. Анда Анкара — Трабзон PC8622 каттамы менен келген Boeing 737-800 учагы аба майданга конуп жатып бурулууга аракет кылган. Бирок күтүлбөгөн жерден учак конуу тилкесинен чыгып кетип деңиз жээгиндеги жарга такалып токтогон.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жаракат алгандар жок. Учактын ичинде 162 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Куткаруучулар ыкчамдык менен ичиндеги адамдарды эвакуациялаган.

​Аэропорттун өкүлдөрүнүн айтмында, эгер Boeing дагы 10 метр сүрүлүп барганда деңизге түшүп, кырсыктын кесепети башкача болмок.

Мындан улам аэропортто 14-январь күнү таңкы саат 8.00гө чейин каттамдар жабылган. Андан соң штаттык режимде иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0