Тайгалакта сүзүшкөн унаалардын видеосу. Владивостокто 1 күндө 270 унаа кырсыктады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСнежный циклон во Владивостоке
Снежный циклон во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдун тайгагынан шаарда бир топ унаа кырсыкка учурап, прокуратура мэриянын ишин текшермей болду.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиянын Владивосток шаарына кар жаап, тайгалактан улам жол кырсыктары катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, Владивостокко калың кар жааган. Мындан улам муниципалдык кызматтар бир нече жолдорду жаап, оор жүк ташуучу унаалардын шаарга кирүүсүнө бөгөт койгон. Калың кардан калаада узун жол тыгыны пайда болуп, Приморск өрөөнүндө 20 автобустук каттам токтотулган.

YouTube каналынын колдонуучулары болсо, муз үстүндө тайгаланып, башка унаалар менен кагышып жаткан автолорду видего тартып интернетке жарыялашкан.

Шаарда бир сутка ичинде эле 270 жол кырсыгы катталган. Мындан улам шаардык прокуратура мэриянын жумушун текшерүүгө алган. Жыйынтыгында, кар тазалай турган 166 техниканын 93ү гана быйылкы кышкы мезгилге даяр экени маалым болгон. Анын ичинен 67си гана иштеп жатканы аныкталган.

Прокуратура мамлекеттик жол кыймылын көзөмөлдөө инспекциясынын ишмердүүлүгүнө да баа бермей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0