https://sputnik.kg/20260216/1099755745.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана эс алмай болдуОшто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалагандар кармалдыЖогорку Кеңеш Шайырбек Ташиевди эч ким... 16.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-16T11:00+0600
2026-02-16T11:00+0600
2026-02-16T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/10/1099755579_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c45ef6be64b0258b5aec0733701f7212.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана эс алмай болдуОшто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалагандар кармалдыЖогорку Кеңеш Шайырбек Ташиевди эч ким кармабагандыгын билдирдиЖогорку Кеңеш Шайырбек Ташиев кармалды деген сөздү төгүндөдү. Буга чейин социалдык тармакта УКМКнын мурдагы жетекчисинин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев кармалды деген маалымат тараган. Парламенттен эл өкүлүн башкы прокурордон түшкөн сурамдын негизинде же депутатты кылмыш жасап жатканда гана кармап кеткенге боло тургандыгын айтышты. Ал эми ЖКга мындай сурам менен документ түшкөн эмес. Маалымат берген адамдар Шайырбек Ташиев Бишкекте экенин билдиришти.
Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана (6-март) эс алат. Бул туурасында Агартуу министрлигинин графигинде көрсөтүлгөн. Бирок 7-8-март дем алышка туура келип, ошону менен алар дүйшөмбүгө чейин окубайт. Адатта балдар Нооруздан кийин эс алышчу. Мындан тышкары, 1-10-майдагы майрамдар да каникул деп көрсөтүлгөн, бирок анда мектептер башка мекемелер сыяктуу эле иштебейт.
Ошто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалоого шектелген балдар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Окуя 10-февраль түнү болгон. Шектүүлөр жигит-кыздын машинада отурган учурун видеого тартып алып, жигитти “кызга адепсиз мамиле жасадың” деп акча талап кылышканы айтылды. Тартип сакчылары өзүн блогер деп атагандар "ооз басырык" бербесе видеону социалдык тармакка жайылтабыз деп коркутканын айтты. Жабырлануучу аларга 50 миң сом которгонун айтып, милицияга кайрылган. Блогерлер андан кийин дагы 500 доллар алып жаткан маалда колго түшкөн. “Опузалап талап кылуу” беренеси менен 21 жана 24 жаштагы эки жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Трамп 19-февралда Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллардан ашык каражат бөлүнөрүн билдирди АКШ президентинин айтымында, Вашингтондо өтө турган "Тынчтык кеңешинин" жыйынында Газаны калыбына келтирүүгө каражат бөлүнөрүн жар салат. Акча согуштан зыян тарткан аймактарды калыбына келтирүүгө жана гуманитардык муктаждыктарды камсыздоого багытталмакчы. Россия ТИМ башчысынын расмий өкүлү Москва аталган кеңештин биринчи жыйынына катышпай турганы билдирген. Мария Захарованынын айтымында, алар аталган формат боюнча өз позициясын улантып, иш алып барууда.
Россия Батыштын Украинага курал жеткирүү системасын бузуп кире алды. Эми Москванын колунда НАТОнун Россияга каршы планы боюнча толук маалымат бар. Бул туурасында аскердик серепчи жана мурдагы чалгынчы Скотт Риттер Гарленд Никсондун YouTube каналына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Орустар мунун бардыгын көзөмөлдөп жатканын элестеткиле. Алар Украинага жеткирилгенин гана эмес, анын кимден келгенине көз салып турушат. Куралдын ким өндүрүп жатканын да билип коюшкан. Алардын НАТОнун таштаган кадамынан жана андан ары кыла турган ишинен толук кабары бар", — деген эксперт. Серепчинин айтымында, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Киевге курал-жарак жеткирүүнү көзөмөлдөө боюнча иштери атайын операциянын биринчи күнүнөн тарта Киевге кыйынчылык жараткан. Москва муну менен аскердик жактан Батыш өлкөлөрүнө караганда стратегиялык артыкчылыкка ээ болду.
Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана эс алмай болдуОшто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалагандар кармалдыЖогорку Кеңеш Шайырбек Ташиевди эч ким кармабагандыгын билдирдиЖогорку Кеңеш Шайырбек Ташиев кармалды деген сөздү төгүндөдү. Буга чейин социалдык тармакта УКМКнын мурдагы жетекчисинин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев кармалды деген маалымат тараган. Парламенттен эл өкүлүн башкы прокурордон түшкөн сурамдын негизинде же депутатты кылмыш жасап жатканда гана кармап кеткенге боло тургандыгын айтышты. Ал эми ЖКга мындай сурам менен документ түшкөн эмес. Маалымат берген адамдар Шайырбек Ташиев Бишкекте экенин билдиришти.Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана (6-март) эс алат. Бул туурасында Агартуу министрлигинин графигинде көрсөтүлгөн. Бирок 7-8-март дем алышка туура келип, ошону менен алар дүйшөмбүгө чейин окубайт. Адатта балдар Нооруздан кийин эс алышчу. Мындан тышкары, 1-10-майдагы майрамдар да каникул деп көрсөтүлгөн, бирок анда мектептер башка мекемелер сыяктуу эле иштебейт.Ошто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалоого шектелген балдар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Окуя 10-февраль түнү болгон. Шектүүлөр жигит-кыздын машинада отурган учурун видеого тартып алып, жигитти “кызга адепсиз мамиле жасадың” деп акча талап кылышканы айтылды. Тартип сакчылары өзүн блогер деп атагандар "ооз басырык" бербесе видеону социалдык тармакка жайылтабыз деп коркутканын айтты. Жабырлануучу аларга 50 миң сом которгонун айтып, милицияга кайрылган. Блогерлер андан кийин дагы 500 доллар алып жаткан маалда колго түшкөн. “Опузалап талап кылуу” беренеси менен 21 жана 24 жаштагы эки жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Трамп 19-февралда Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллардан ашык каражат бөлүнөрүн билдирди АКШ президентинин айтымында, Вашингтондо өтө турган "Тынчтык кеңешинин" жыйынында Газаны калыбына келтирүүгө каражат бөлүнөрүн жар салат. Акча согуштан зыян тарткан аймактарды калыбына келтирүүгө жана гуманитардык муктаждыктарды камсыздоого багытталмакчы. Россия ТИМ башчысынын расмий өкүлү Москва аталган кеңештин биринчи жыйынына катышпай турганы билдирген. Мария Захарованынын айтымында, алар аталган формат боюнча өз позициясын улантып, иш алып барууда. Россия Батыштын Украинага курал жеткирүү системасын бузуп кире алды. Эми Москванын колунда НАТОнун Россияга каршы планы боюнча толук маалымат бар. Бул туурасында аскердик серепчи жана мурдагы чалгынчы Скотт Риттер Гарленд Никсондун YouTube каналына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Орустар мунун бардыгын көзөмөлдөп жатканын элестеткиле. Алар Украинага жеткирилгенин гана эмес, анын кимден келгенине көз салып турушат. Куралдын ким өндүрүп жатканын да билип коюшкан. Алардын НАТОнун таштаган кадамынан жана андан ары кыла турган ишинен толук кабары бар", — деген эксперт. Серепчинин айтымында, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Киевге курал-жарак жеткирүүнү көзөмөлдөө боюнча иштери атайын операциянын биринчи күнүнөн тарта Киевге кыйынчылык жараткан. Москва муну менен аскердик жактан Батыш өлкөлөрүнө караганда стратегиялык артыкчылыкка ээ болду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/10/1099755579_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7f4479e26d0dbc98ba57fbc32bd5c4d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио