00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему помощь семьям становится приоритетом государства
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековдун жакын адамдары кармалганын өздүк булактар билдирди.Маалыматка таянсак, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бир УКМК кызматкерин жана атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгынын тергөөчүсүн колго түшүргөн.Белгилей кетсек, Элдар Жакыпбековду Аскер прокуратурасы кармаган. Ага "Коррупция" беренеси менен айып коюлууда. Бүгүн Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган чечим чыгарды.
Улуттук статистика комитети январдагы бааларды өткөн жылдын декабрь айына салыштырган. Ага ылайык, жашылча — 4,9 пайыз; картошка — 3,4 пайыз; колбаса жана эт азыктары — 2,5 пайыз; сүт азыктары, сыр жана жумуртка — 2,1 пайыз; сүт — 2,6 пайыз; кой эти — 1,5 пайыз; уй эти — 0,9 пайыз; балык — 0,5 пайыз кымбаттады: Ал эми ун 0,5 пайызга, күрүч 0,1 пайызга арзандаган.
Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган Олимпиадалык курама командалар арасындагы Азия кубогун өткөрүү үчүн Азия футбол конфедерациясына расмий түрдө талапкерлигин көрсөттү. Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, бул мелдеш Азиядагы эң маанилүү турнирлердин бири, ага континенттин 16 күчтүү улуттук командасы катышат. Турнирди Кыргызстанда өткөрүү өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык аброюн жогорулатууга жана жаштар арасында футболду кеңири жайылтууга чоң салым кошот. "Талапкерлик алкагында КФБ эл аралык талаптарга жооп берген стадиондорду, машыгуу аянтчаларын, мейманкана инфраструктурасын жана транспорттук логистиканы камтыган комплекстүү концепцияны сунуштады. Өтүнмө АФКнын бардык регламенттик талаптарына ылайык даярдалды", — деп айтылат кабарда. АФК өкүлдөрүнүн инфраструктураны жана өлкөнүн даярдыгын баалоо боюнча инспекциялык сапары 2-6-март күндөрүнө пландалган. Анын жыйынтыгы жана берилген документтердин негизинде турнирди кабыл алуучу өлкө боюнча акыркы чечим кабыл алынат. 2028-жылдагы турнирди өткөрүүгө ошондой эле Иордания, Япония, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери жана Өзбекстан да талапкерлигин көрсөткөн.
Украинанын мурунку энергетика министри Герман Галущенконун кармалышы АКШнын Владимир Зеленскийди тынчтык келишимин түзүүгө мажбурлоочу саясатынын бир бөлүгү болушу ыктымал. Бул тууралуу "Страна.ua" басылмасы жазып чыкканын РИА Новости кабарлады."Галущенко Женевада өтчү сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын алдында жана Зеленскийдин Мюнхендеги Донбасстан баш тартпай турганын айткан катуу сөзүнөн кийин кармалды. Анын колго түшүрүлүшү аркылуу Зеленскийге кежирлигинин аягы жакшы бүтпөй турганын түшүндүргөн белги берилди", — деп айтылат макалада.Басылма эгер Зеленский кепке келбей кетенчиктей берсе үзөңгүлөштөрү аркылуу басым улана берерин белгилеген.Ал арада Financial Times Галущенконун кармалышы Зеленскийдин кеңсесин катуу силкинткен коррупциялык жаңжалдын акыркы эпизоду экенин жазды.Украинанын улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) 15-февраль күнү экс-министр Герман Галущенко коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында чек арадан өтүп бара жатканда кармалганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0