https://sputnik.kg/20260217/1099771923.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кенештин депутаты Медина Кайрылбекова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында аскерде кызмат өтөп жаткандардын... 17.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-17T08:59+0600
2026-02-17T08:59+0600
2026-02-17T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/11/1099771757_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_975de6762a5dc7601aee3dc118f5fa1e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кенештин депутаты Медина Кайрылбекова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында аскерде кызмат өтөп жаткандардын арасында башка улуттардын өкүлдөрү канча пайызды түзөрүнө кызыкты. Коргоо министрлигинин өкүлү ведомство жыл сайын аскердик кызматка тартылган башка улуттагы жарандардын санын көбөйтүү боюнча иш алып барарын билдирди. Депутат армиянын катарында башка улуттардын өкүлдөрүн көрбөй жатканын белгиледи. Коргоо министрлиги бул маселе боюнча толук жазуу жүзүндөгү отчет берилерин айтты.
ЕАЭБде керектөөчү арбын жана элдин төлөө жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан уюмга кызыккан үчүнчү өлкөлөр көп. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Данияр Иманалиев Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, 200 миллиондук рынок — бизнести өнүктүрүүгө жана соода алакаларын кеңейтүүгө мыкты аянтча. "Үчүнчү өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүү да маанилүү. Биз бул тууралуу эркин соода аймактары боюнча келишимдер аркылуу сөз кылып жатабыз. Учурда кабыл алынган чечимдер жана түзүлгөн келишимдер Монголия, Бириккен Араб Эмирликтери, Сербия жана Иранда иштеп жатат", — деди Иманалиев. Ал азырынча бул өлкөлөр менен соода көлөмү 5-6 пайыз деңгээлинде болсо, бардык келишимдер толук ишке ашкандан кийин алардын тышкы соодадагы үлүшү болжол менен 14,7 пайызга чейин өсүшү күтүлөрүн белгиледи. Иманалиев ошондой эле биримдик күнүмдүк керектелген товарларды, мисалы, азык-түлүктү өндүрүү жана экспорттоо боюнча чоң потенциалга ээ экенин кошумчалады.
Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун иштешин камсыз кылуу, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыккан. Бул токтом менен 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттун салык салынуучу жеткирүүлөрүнө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленди.
12-13-февралда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры карылар үйлөрүндө кайрымдуулук концерттерин өткөрдү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 12-февралда концерт Нижне-Серафимовский карылар үйүндө, 13-февралда "Дом Хамида" жайында уюштурулду. Программада дүйнөлүк классиканын армиялары, неаполитан ырлары, кыргыз жана совет композиторлорунун чыгармалары аткарылды. Концертке КР эл артисттери Кайымбек Кускаков, Садирбек Жумашов жана башка солисттер катышты. Концертмейстер — Нуржан Токтобекова, режиссёр — Найля Рахмадиева. Мындан тышкары, КР эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев мастер-класс өткөрдү.
Жогорку Кенештин депутаты Медина Кайрылбекова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында аскерде кызмат өтөп жаткандардын арасында башка улуттардын өкүлдөрү канча пайызды түзөрүнө кызыкты. Коргоо министрлигинин өкүлү ведомство жыл сайын аскердик кызматка тартылган башка улуттагы жарандардын санын көбөйтүү боюнча иш алып барарын билдирди. Депутат армиянын катарында башка улуттардын өкүлдөрүн көрбөй жатканын белгиледи. Коргоо министрлиги бул маселе боюнча толук жазуу жүзүндөгү отчет берилерин айтты.ЕАЭБде керектөөчү арбын жана элдин төлөө жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан уюмга кызыккан үчүнчү өлкөлөр көп. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Данияр Иманалиев Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, 200 миллиондук рынок — бизнести өнүктүрүүгө жана соода алакаларын кеңейтүүгө мыкты аянтча. "Үчүнчү өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүү да маанилүү. Биз бул тууралуу эркин соода аймактары боюнча келишимдер аркылуу сөз кылып жатабыз. Учурда кабыл алынган чечимдер жана түзүлгөн келишимдер Монголия, Бириккен Араб Эмирликтери, Сербия жана Иранда иштеп жатат", — деди Иманалиев. Ал азырынча бул өлкөлөр менен соода көлөмү 5-6 пайыз деңгээлинде болсо, бардык келишимдер толук ишке ашкандан кийин алардын тышкы соодадагы үлүшү болжол менен 14,7 пайызга чейин өсүшү күтүлөрүн белгиледи. Иманалиев ошондой эле биримдик күнүмдүк керектелген товарларды, мисалы, азык-түлүктү өндүрүү жана экспорттоо боюнча чоң потенциалга ээ экенин кошумчалады. Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун иштешин камсыз кылуу, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыккан. Бул токтом менен 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттун салык салынуучу жеткирүүлөрүнө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленди.12-13-февралда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры карылар үйлөрүндө кайрымдуулук концерттерин өткөрдү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 12-февралда концерт Нижне-Серафимовский карылар үйүндө, 13-февралда "Дом Хамида" жайында уюштурулду. Программада дүйнөлүк классиканын армиялары, неаполитан ырлары, кыргыз жана совет композиторлорунун чыгармалары аткарылды. Концертке КР эл артисттери Кайымбек Кускаков, Садирбек Жумашов жана башка солисттер катышты. Концертмейстер — Нуржан Токтобекова, режиссёр — Найля Рахмадиева. Мындан тышкары, КР эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев мастер-класс өткөрдү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/11/1099771757_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0df01f1e95415dbe998eb1804f11a203.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио