Иранда кайрадан шайланган президент Хасан Роуханинин инаугурациясы болду

© REUTERS / HANDOUTЦеремония инаугурации президента Ирана Хасана Роухани
Церемония инаугурации президента Ирана Хасана Роухани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, инаугурацияга аталган министрликтин жетекчиси Эрлан Абдылдаев баштап барган делегация катышты

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Тегеран шаарында кечээ Ирандын экинчи мөөнөткө шайланган президенти Хасан Роуханинин инаугурациясы болду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Иран мамлекетинин башчысына шайлоо 19-майда өткөн. 

Буга чейин, 3-августтаинаугурациянын биринчи этабы болуп, анда Ирандын аятолласы Али Хаменеи шайлоонун жыйынтыгын таанып, аны президенттик кызматка бекиткен.

Международный форум Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан: кырсыктаган жарандарыбызга жардам көрсөткөн кыргыз бийлигине ыраазычылык
Ал эми кечээ өлкөнүн Межилисинин имаратында салтанаттын экинчи бөлүгү өтүп, Иран президенти ант берди. Өлкөнүн гимни ойнолуп, Курандын аяттары окулгандан кийин парламенттин спикери Али Лариджани сүйлөп, чет жактан келген конокторго кайрылды.

Парламенттин сайтынан алган маалыматтарга караганда, инаугурацияга 92 өлкөдөн келген коноктор катышты.

Ирандын президентин шайлоо 2017-жылдын 19-майында болуп, 57 пайыз добушка ээ болгон мамлекет башчысы Хасан Роухани экинчи мөөнөткө шайланган.

Анын атаандашы өлкөнүн мурдагы Баш прокурору Ибрахим Раиси 38 пайыз добушка ээ болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, инаугурацияга аталган министрликтин жетекчиси Эрлан Абдылдаев баштаган делегация катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0