БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Сауд Аравиясы жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилелерди токтотконун Sky News Arabia телеканалга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Мындан тышкары, Сауд Аравия башында турган Араб коалициясы Катардын "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторду колдоого алганы үчүн Доханын Йемен операциясына катышуусуна бөгөт койду.