Дагестандагы ММА чемпионатында массалык мушташ чыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРуки мужчины сжатый в кулак. Архивное фото
Руки мужчины сжатый в кулак. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуядан кийин спортчулар бири-биринен кечирим сурап, кол алышкан.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дагестанда ММА ачык чемпионатынын алкагында өткөн беттеште күйөрмандар арасында массалык мушташ чыгып кеткен. Видеоролик YouTube каналына жайгаштырылганын РИА Новости кабарлады. 

"Горец" ММА клубу өзүнүн "ВКонтакте" социалдык тармагындагы расмий баракчасына россиялык мушкер Владимир Минеев менен анын дагестандык каршылашы Азиз Жуманиязов рингге чыкканын жазган. Беттеш аяктаган соң Жуманиязов партерден туруп Минеевди бир тепкен. Ага жооп кайтарган каршылашы дагестандык мушкерди муштуму менен башка урган.

Күйөрмандар дагы рингге чыга калып мушташа кетишкен. Окуядан кийин спортчулар бири-биринен кечирим сурап, кол алышкан.

Кийинчерээк Владимир Минеев Instagram баракчасына турнирге барган сапарын жакшы маанайда баалап, атаандашы менен болгон окуясы анын Дагестанга жана өлкөнүн тургундарына болгон мамилесине таасирин тийгизбей турганын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0