Гитлер өзү колдонуп жүргөн телефон 243 миң долларга сатылды

© AP Photo / Patrick SemanskyАукцион в штате Мэриленд
Аукцион в штате Мэриленд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык офицердин үй-бүлөсү аталган аппаратты 70 жылга жакын убакыт сактап келген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Адольф Гитлердин жеке өзү колдонуп жүргөн телефонун аукциондо 243 миң долларга соодалашты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Атчан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эр Эшим" дастаны жөнүндө жети факты. Баатырды коштогон Сталин менен Гитлер
Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, телефонго алгач 100 миң доллар деген бааны коюлуп, өсүп отуруп 200-300 миңдин тегерегиндеги суммага чыгары болжолдонгон.

Гитлердин аты түшүрүлгөн Siemens аппараты вермахттын белеги болгондугу айтылат. 1945-жылы аны советтик жоокерлер Гитлердин бункеринен таап чыгып, кайсы бир себептер менен британиялык офицерге беришкен. Анын үй-бүлөсү аталган аппаратты 70 жылга чукул убакыт сактап келген.

Аукцион өткөргөн үй бул буюмду ааламдагы миллиондогон өмүрлөрдү алган "кубаттуу курал" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0