Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Аны КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эл аралык "Манас" аэропортунан тосуп алды. Россиянын өкмөт башчысы расмий иш сапарынын алкагында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугат.