Эки эркекти мыкаачылык менен сабаган кишилер милицияга өздөрү келди. Видео

Жазылуу
"Жалбырак ТВ" каналынын YouTube-каналына эки шектүү тең Бишкек ШИИБине өздөрү келген видео жүктөлдү.

Бүгүн, 6-сентябрда, Бишкек милициясы эки эркекти аёсуз сабаган шектүүлөрдү кармагандыгы тууралуу маалымат тараткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИБинин Криминалдык милиция кызматы шектүүлөрдүн изине түшкөн. 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович кармалды. Экөө тең убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Бирок кадрларда көрүнүп тургандай, алар тартип сакчыларынын коштоосу жок эле милицияга өздөрү келген.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген. 

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жаткан болчу.
Ал эми шектүүлөрдүн бир тууганы делген милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0