Бишкекте дагы бир айдоочу жол инспекторун капотто сүйрөп кетти

Жазылуу
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Ал эми инспектор ооруканага жаткырылды.

Шергазы Сакиев аттуу пайдалануучу YouTube видеосайтына BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жол кайгуул кызматынын инспекторун капотко жаткырган боюнча айдап кеткени түшүрүлгөн видеону жайгаштырган.

Жол кайгуул кызматы окуя бейшемби күнү эртең менен болгонун ырастады. Инспектор учурда ооруканада дарыланууда. Мекеме окуянын чоо-жайы кечирээк белгилүү болорун айтты.

Жол кайгуул кызматынын инспектору айдоочу колун кантип сындырганын айтып берди
Бул айдоочулардын биринчи осол жоругу эмес. Сентябрда Toyota унаасынын айдап келе жаткан мас жаранды токтотууга аракет кылган инспекторду айдоочу кыйла жерге чейин сүйрөп барган. Анда да кызматкер ооруканага жаткырылган.

Ушундай эле окуя Жалал-Абадда болгон. 17 жаштагы айдоочу инспектордун айтканына баш ийбей, унааны айдап кеткен. Инспектор машинанын капотуна секирип чыгууга мажбур болуп, 250 метрге чейин унаага жармашкан боюнча барган. Анда Жол кайгуул кызматкеринин баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган. Атасынын унаасын айдап чыккан айдоочу укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0