https://sputnik.kg/20260929/1103971490.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлиги эт саткан дагы 30 пункт ачатЕБдин алты өлкөсү биримдиктин жаңы бюджети боюнча ультиматум койдуАгартуу министрлиги мектептерди 2 жылда... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T15:00+0600
2026-09-29T15:00+0600
2026-09-29T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103971324_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0ff2fa17f749aea6b66486a1ff531ce7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлиги эт саткан дагы 30 пункт ачатЕБдин алты өлкөсү биримдиктин жаңы бюджети боюнча ультиматум койдуАгартуу министрлиги мектептерди 2 жылда китеп менен толук камсыздоону убадалады
Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2027–2028-жылдары окуучуларды китептер менен дээрлик толук камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мелисбек Музулманов билдирди. “Акыркы эки жылда китептердин бир бөлүгүн басып чыгарып, мектептерге жеткирдик. Көп жылдардан бери келе жаткан тартыштыкты азырынча толук жабууга мүмкүн болбой жатат. 2027–2028-жылдары мектептерди китеп менен камсыздоону дээрлик 100 пайызга жеткиришибиз керек, ошондуктан алар жыл бою үзгүлтүксүз басылат”, — деп түшүндүрдү Музулманов. Анын айтымында, учурда мектептер 11 жана 12 жылдык билим берүү программаларына ылайыкталган китептер менен 72 пайызга камсыздалган. “Бүгүнкү күндө окуучулардын саны болжол менен 1,6 миллионду түзөт. Жумушчу дептерлерди кошкондо бардыгы үчүн 48,4 миллионго жакын окуу-методикалык комплекс талап кылынат. Учурда биз 10,4 миллион нуска басып чыгардык”, — деди Агартуу министрлигинин өкүлү.
Эттин баасын кармап туруу үчүн өлкөдө жыл аягына чейин дагы 30 сатуу пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда министрликке караштуу 10 сатуу пункту иштеп жатат. Алардын иши эттин баасын кармоого оң таасир этип, керектөөчүлөр жакшы баасын берүүдө. Илич Марсбек уулу белгилегендей, учурда кошумча 30 сатуу пунктун ачуу боюнча тендер жарыяланды. "Ал эми 2027-жылы мындай пункттардын санын 100гө жеткирүү пландалууда. Ошондой эле министрлик эски мал сарайларын оңдоп-түзөп, аларга 2 миңге жакын буканы киргиздик. Муну менен министрлик ири чарбаларды уюштурууну көздөп жатат", - деди ал. Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, учурда жайлоодон келген бодо малдын этинен 1 килограммынын өздүк наркы 230 сомду түзөт. Анын негизинде эттин баасы 770 сом өлчөмүндө белгиленген.
Дүйнөлүк рынокто мунай баалары бүгүн, дагы жогорулоону улантты, деп Казинформ Reuters агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы бир баррелине 106,60 долларга чейин көтөрүлдү. Буга чейин Brent 0,6%га өсүп, бир баррелине 105,91 долларды түзгөн. АКШнын West Texas Intermediate (WTI) мунайынын баасы 0,8%га өсүп, бир баррели 93,32 долларга жетти.
Германия, Нидерланддар, Швеция, Дания, Австрия жана Финляндия Европа биримдигинин жаңы жети жылдык бюджетиндеги чыгымдарды жүздөгөн миллиард еврого кыскартууну талап кылышты. Бул тууралуу Financial Times басылмасы аталган алты өлкөнүн бийлигинин билдирүүсүнө таянып жазды. Мамлекет башчылары эгер алардын талаптары эске алынбаса, 2028–2034-жылдарга каралган бюджет боюнча макулдашууну бөгөттөп коюшу мүмкүн экенин эскертишти. Аталган мамлекеттер каражатты аскердик-өнөр жай комплексин жана инновациялык ишканаларды өнүктүрүүгө багыттоону сунуштоодо. Муну менен катар алар айыл чарбасын жана ЕБдин жакыныраак аймактарын каржылоону азайтууну көздөп, мындай кадамды экономикалык жана коргонуу жаатындагы чакырыктар менен түшүндүрүшүүдө. Евробиримдик өлкөлөрү жаңы бюджеттин акыркы вариантын ушул жылдын аягына чейин макулдашуусу керек. 2026-жылдын экинчи жарымында ЕБ Кеңешине төрагалык кылган Ирландия долбоорду күзүндө тартуулайт. Көп жылдык каржылык алкакты бекитүү үчүн бардык мүчө мамлекеттердин макулдугу жана Европарламенттин жактыруусу талап кылынат.
Айыл чарба министрлиги эт саткан дагы 30 пункт ачатЕБдин алты өлкөсү биримдиктин жаңы бюджети боюнча ультиматум койдуАгартуу министрлиги мектептерди 2 жылда китеп менен толук камсыздоону убадалады Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2027–2028-жылдары окуучуларды китептер менен дээрлик толук камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мелисбек Музулманов билдирди. “Акыркы эки жылда китептердин бир бөлүгүн басып чыгарып, мектептерге жеткирдик. Көп жылдардан бери келе жаткан тартыштыкты азырынча толук жабууга мүмкүн болбой жатат. 2027–2028-жылдары мектептерди китеп менен камсыздоону дээрлик 100 пайызга жеткиришибиз керек, ошондуктан алар жыл бою үзгүлтүксүз басылат”, — деп түшүндүрдү Музулманов. Анын айтымында, учурда мектептер 11 жана 12 жылдык билим берүү программаларына ылайыкталган китептер менен 72 пайызга камсыздалган. “Бүгүнкү күндө окуучулардын саны болжол менен 1,6 миллионду түзөт. Жумушчу дептерлерди кошкондо бардыгы үчүн 48,4 миллионго жакын окуу-методикалык комплекс талап кылынат. Учурда биз 10,4 миллион нуска басып чыгардык”, — деди Агартуу министрлигинин өкүлү. Эттин баасын кармап туруу үчүн өлкөдө жыл аягына чейин дагы 30 сатуу пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда министрликке караштуу 10 сатуу пункту иштеп жатат. Алардын иши эттин баасын кармоого оң таасир этип, керектөөчүлөр жакшы баасын берүүдө. Илич Марсбек уулу белгилегендей, учурда кошумча 30 сатуу пунктун ачуу боюнча тендер жарыяланды. "Ал эми 2027-жылы мындай пункттардын санын 100гө жеткирүү пландалууда. Ошондой эле министрлик эски мал сарайларын оңдоп-түзөп, аларга 2 миңге жакын буканы киргиздик. Муну менен министрлик ири чарбаларды уюштурууну көздөп жатат", - деди ал. Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, учурда жайлоодон келген бодо малдын этинен 1 килограммынын өздүк наркы 230 сомду түзөт. Анын негизинде эттин баасы 770 сом өлчөмүндө белгиленген. Дүйнөлүк рынокто мунай баалары бүгүн, дагы жогорулоону улантты, деп Казинформ Reuters агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы бир баррелине 106,60 долларга чейин көтөрүлдү. Буга чейин Brent 0,6%га өсүп, бир баррелине 105,91 долларды түзгөн. АКШнын West Texas Intermediate (WTI) мунайынын баасы 0,8%га өсүп, бир баррели 93,32 долларга жетти. Германия, Нидерланддар, Швеция, Дания, Австрия жана Финляндия Европа биримдигинин жаңы жети жылдык бюджетиндеги чыгымдарды жүздөгөн миллиард еврого кыскартууну талап кылышты. Бул тууралуу Financial Times басылмасы аталган алты өлкөнүн бийлигинин билдирүүсүнө таянып жазды. Мамлекет башчылары эгер алардын талаптары эске алынбаса, 2028–2034-жылдарга каралган бюджет боюнча макулдашууну бөгөттөп коюшу мүмкүн экенин эскертишти. Аталган мамлекеттер каражатты аскердик-өнөр жай комплексин жана инновациялык ишканаларды өнүктүрүүгө багыттоону сунуштоодо. Муну менен катар алар айыл чарбасын жана ЕБдин жакыныраак аймактарын каржылоону азайтууну көздөп, мындай кадамды экономикалык жана коргонуу жаатындагы чакырыктар менен түшүндүрүшүүдө. Евробиримдик өлкөлөрү жаңы бюджеттин акыркы вариантын ушул жылдын аягына чейин макулдашуусу керек. 2026-жылдын экинчи жарымында ЕБ Кеңешине төрагалык кылган Ирландия долбоорду күзүндө тартуулайт. Көп жылдык каржылык алкакты бекитүү үчүн бардык мүчө мамлекеттердин макулдугу жана Европарламенттин жактыруусу талап кылынат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103971324_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ab5a040035f77f593c383bfbb0023945.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио